БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Кыргызстанда 12-август жыл сайын жаштар күнү катары майрамдалып келет. 2009-жылы жаңыланган "Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө" мыйзам боюнча жаш деп 14 жаштан 28 жашка чейинки адамдар саналат. Мурда 35 жашка чейинкилер өздөрүн жаш деп эсептешчү.
Эгер саясатчылар жөнүндө айта турган болсок, азыркы мыйзам боюнча келечектен көптү үмүттөндүргөн саясатчылардын рейтингин түзүү мүмкүн болгон жок. Ошол себептүү мурдагы тартип менен 35 жашка чейин төбөсү көрүнүп калган саясатчыларды тизмектедик. Алар алфавиттик тартипте берилди.
1. Жанар Акаев, 30 жаш
Ош Мамлекеттик университетинин бүтүрүүчүсү Жанар Акаев карьерасын журналистикадан баштаган. 28 жашка чейин бир катар ЖМКларда иштеп, сыйлыктарды алган Жанар президент Алмазбек Атамбаевдин маалымат катчысы болуп дайындалган.
2015-жылы КСДП партиясынын катарында парламенттик шайлоого аттанган. Бирок анын партиялаштары менен көз карашы келишпей калгандыктан, учурда партиясыз депутат болуп жүргөн кези.
2. Дастан Бекешев, 33 жаш
![Депутат шестого созыва ЖК Дастан Бекешев Депутат шестого созыва ЖК Дастан Бекешев - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103001/45/1030014528_0:0:2158:1439_600x0_80_0_0_d3be62e5364ea6b27bb9dec1aedbbc32.jpg)
Кесиби боюнча юрист Бекешев саясатка эрте аралашты. 26 жашында "Ар-Намыс" партиясынан Жогорку Кеңеш депутаты болуп келген. Бирок беш жылдан кийин ал дагы КСДП партиясынын катарына кошулду.
3. Дастан Догоев, 31 жаш
![Председатель Государственной регистрационной службы Дастан Догоев Председатель Государственной регистрационной службы Дастан Догоев - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103396/06/1033960639_0:0:3031:2023_600x0_80_0_0_392e20e8dcea384db8159beb22e26bcf.jpg)
Учурдагы Мамкаттоо кызматынын жетекчиси өзүнүн алган билими менен мактанса болот. Ал Лондондогу Кавэндиш колледжин жана Кингстон университетин аяктаган. Демек, 31 жашында мындай чоң кызматты аркалап калышына таң калбай деле коелу.
4. Акылбек Жамангулов, 28 жаш
![Депутат Жогорку Кенеша Акылбек Жамангулов Депутат Жогорку Кенеша Акылбек Жамангулов - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103210/87/1032108701_0:0:1280:852_600x0_80_0_0_82c8386d063acfd1f149adc1a7ed60be.jpg)
"Республика — Ата Журт" фракциясынын депутатынын үч жогорку билими бар. Эмгек жолун 17 жашында "Кок – Ойрок" деп аталган Балыкчы ликер заводунан башталган. Анын резюмесинде ошондой эле "Кыргыз айыл чарба азыктары корпорациясы", Эл аралык "Манас" аэропорту, жана "ZETH Cement" Кемин цемент заводу көрсөтүлгөн.
5. Музаффар Исаков, 35 жаш
![Депутат фракции СДПК Музаффар Исаков Депутат фракции СДПК Музаффар Исаков - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102718/62/1027186209_0:0:1000:741_600x0_80_0_0_123a785aa9ac9cb5aaa3078cc2183143.jpg)
Эмгек жолун 19 жашында Таш-Булак айыл өкмөтүнүн жаштар комитетинин жетекчиси болуп баштаган. Сегиз жыл өткөндөн кийин айыл мектебинин директору болуп дайындалган. 2016-жылы айыл өкмөттүк кызматын депутаттык креслого алмаштырган.
6. Аида Касымалиева, 33 жаш
![Депутат Жогорку Кенеша от фракции СДПК Аида Касымалиева Депутат Жогорку Кенеша от фракции СДПК Аида Касымалиева - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103356/08/1033560854_0:0:6016:4016_600x0_80_0_0_5b7b089dd7cb462849aa2ca08b68dc8a.jpg)
Рейтингде дагы бир журналист. Касымалиева бир катар ЖМКларда иштеп, бир нече даректүү тасмаларды тартканга жетишкен. 2017-жылдын март айында КСДП депутаты Узарбек Жылкыбаев мандатынан баш тартары менен эл өкүлү кызматын аркалоо укугу Касымалиевага берилген.
7. Айсулуу Мамашова, 28 жаш
![Депутат ЖК Айсулуу Мамашова Депутат ЖК Айсулуу Мамашова - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103183/17/1031831727_0:0:6016:4016_600x0_80_0_0_1ec535b8f916d8d3413a6899687b750a.jpg)
Келечектеги депутат 17 жашында эле "Автоучкомбинат" ЖСКсынын башкы директору болуп дайындалган. 10 жылдан кийин "Ата Мекен" фракциясынын катарында Жогорку Кеңешке депутат болуп келди. Май айында кыздуу болгон эл өкүлү учурда декретте.
8. Ренат Самудинов, 31 жаш
![Лидер молодежного крыла СДПК Ренат Самудинов Лидер молодежного крыла СДПК Ренат Самудинов - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103469/02/1034690222_0:0:1000:1500_600x0_80_0_0_a644031e42850cbab73d381477b1d8df.jpg)
Самудинов КСДП фракциясынын жаштар канатын 10 жылдан бери жетектеп келген. Ушул жылдын июль айында партиялаштары менен пикир келише албай калып, кызматынан четтетилген. Ал буга чейинки парламенттик эки шайлоолдо өз талапкерлигин койгон.
9. Жоомарт Сапарбаев, 32 жаш
![Экс-депутат ЖК Жоомарт Сапарбаев Экс-депутат ЖК Жоомарт Сапарбаев - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102148/51/1021485105_0:0:3446:2297_600x0_80_0_0_6ecab6f45bdf9b6271d7c227a5d1d8dd.jpg)
Экс-депутаттын үч жогорку билими бар. Чет өлкөдөн алган билимин айтсак, АКШнын Миннесота штатында Мамлекеттик университетти аяктаган. 25 жашында парламенттин депутаты болгон. Экинчи жолу дагы депутат болуп шайланып, төрт айдан кийин "өз иштерим менен алектенем" деп кызматын тапшырып берген.