БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Жаңы долбоор боюнча Бишкектеги "Ак кула" ипподрому 5500 орундуу болуп, реконструкцияга жалпы жонунан 650 миллион сом жумшалат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Бактыбек Абдиев өкмөттүк жыйында билдирди.
![Жаңы долбоор боюнча Бишкектеги Ак кула ипподрому 5500 орундуу болуп, реконструкцияга жалпы жонунан 650 миллион сом жумшалат Жаңы долбоор боюнча Бишкектеги Ак кула ипподрому 5500 орундуу болуп, реконструкцияга жалпы жонунан 650 миллион сом жумшалат - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103478/02/1034780248_0:135:1599:1140_600x0_80_0_0_e2e10e30810e66196f0a8fc6e7c3e8fb.jpg)
![Жээнбеков ипподромдун реконструкцияланышы заман талабы экенин белгилеп, жаңылоо иштери сапаттуу жана өз маалында жүрүшү керектигин кошумчалады. Жээнбеков ипподромдун реконструкцияланышы заман талабы экенин белгилеп, жаңылоо иштери сапаттуу жана өз маалында жүрүшү керектигин кошумчалады. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103478/02/1034780253_0:0:1444:908_600x0_80_0_0_466c98d4346991d16073d779004fec7b.jpg)
Анын айтымында, ат майданды оңдоо иштери 2018-жылы башталат.
"Реконструкция планы даяр, каржы маселеси да чечилген. Ушу тапта соттун чечими күтүлүүдө. Ипподром менчик колдо эмес, муниципалдык бийликтин карамагында болушу керек. Жаңы долбоор боюнча ат майдан 5500 орундуу болуп, ага 650 миллион сом сарпталат", — деди Абдиев.
Эскерте кетсек, буга чейин өткөн өкмөттүк жыйында долбоор боюнча башкы ат майдан 10 миң орундуу болору айтылган.
Ушу тапта 3000 көрүүчүнү батыра алган ипподром "Ак кула" ишканасынын карамагында. Компания менен мэриянын ортосундагы соттук териштирүү 2013-жылдан бери уланып келет.