БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Чүй облусунун Сокулук районундагы Төмөнкү Чүй айылында айдоочу үч аялды жана велосипед тээп бараткан баланы коюп кетип, алар каза болгонун күбө Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
![Чүй облусунун Сокулук районундагы Төмөнкү Чүй айылында айдоочу үч аялды жана велосипед тээп бараткан баланы коюп кетти Чүй облусунун Сокулук районундагы Төмөнкү Чүй айылында айдоочу үч аялды жана велосипед тээп бараткан баланы коюп кетти - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103482/96/1034829674_0:56:1024:699_600x0_80_0_0_5786d5fdc4be10fcd252a387bf69d2dc.jpg)
![Жол кырсыгы бүгүн, 22-августта саат 12:15тер чамасында болгон Жол кырсыгы бүгүн, 22-августта саат 12:15тер чамасында болгон - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103482/81/1034828197_0:61:1039:714_600x0_80_0_0_47f0187abec829ff3896d52a17b8bc8b.jpg)
![Жергиликтүү тургундар айдоочуну милиция келгенге чейин кармашкан Жергиликтүү тургундар айдоочуну милиция келгенге чейин кармашкан - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103482/82/1034828223_0:162:780:653_600x0_80_0_0_dc38fa2fb43f4b93d711ac2caeeaa54f.jpg)
![Жабырлануучулардын баары кырсык болгон жерде каза болгон. Жабырлануучулардын баары кырсык болгон жерде каза болгон. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103482/82/1034828203_0:0:1040:652_600x0_80_0_0_5be0e1bb07cc42d0aaa87d3ecf89d848.jpg)
Анын айтымында, жол кырсыгы бүгүн, 22-августта саат 12:15тер чамасында болгон. Күбө айдоочу мас экенин кошумчалады.
"Мас айдоочу жолдун четинде турган аялды жана анын велосипед менен турган 10 жаштагы небересин коюп кеткен. Алардын жанында эки кемпир да бар болчу. Баары тең каза болду. Жергиликтүү тургундар айдоочуну милиция келгенге чейин кармап турушту", — деди күбө.
"Учурда ал жерде ыкчам топ иштеп жатат. Кармалган жаран Жаңы-Жер айылынын 47 жаштагы тургуну экен. Мас абалында болгондуктан рулду башкара албай калганын айтууда. Каза болгондор базардан кайтып, жол четинде маршрутка күтүп турушкан", — деп милициядан маалымдашты.
Жабырлануучулардын баары кырсык болгон жерде каза болгон.