БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчиси Болот Отунбаев Москвадагы чет элдик студенттерге премьер-министр Сапар Исаковдун атынан белектерди тапшырды. Бул туурасында элчилик маалымат кызматы билдирди.
Өкмөт башчы сентябрдын аягында Москвага расмий иш сапары менен барып, анын алкагында Россиядагы кыргыздар жана диаспора өкүлдөрү менен жолуккан. Жолугушууга Москва Мамлекеттик университетинин Азия Африка өлкөлөрү институнун "Чыгыш таануу жана африканистика" адистигинде чет тил катары кыргыз тилин үйрөнүп жаткан студенттер да келген. Алар Исаков менен кыргыз тилинде баарлашып жана улуу акын Алыкул Осмоновдун ырларын көркөм окуп берген.