Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы аны менен келечек муунду тарбиялоо жөнүндө маек курду.
![Директор фонда Инициатива Розы Отунбаевой Догдуркуль Кендирбаева Директор фонда Инициатива Розы Отунбаевой Догдуркуль Кендирбаева - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103607/41/1036074134_0:0:4016:6016_600x0_80_0_0_74823729985b2077e555fb3899ae4972.jpg)
— Коомчулукта балдарды тарбиялоодо кандай кемчиликтерди байкайсыз?
— Бир чети элдин жашоо-шарты жакшырып, балдарына инвестиция жасаган ата-энелердин деле саны көбөйүп калса керек.
— Ооба, үйрөнүп жатышат, бирок жакшы мектепке же бала бакчага берип койсом эле болду деп ойлоп жатышпайбы. Мисалы, жаңы конуштагы үй-бүлөлөр кандай гана жол менен болбосун, балдарын Бишкектеги мыкты мектептерге берип, маселе толугу менен чечилгендей элестетишет. Бирок балага бул нерсе жетишсиз, аларды мээрим менен шыктандыруу керек. Себеби эч бир мекеме энени алмаштыра албайт. Бала бакча менен мектеп баланы толук кандуу өнүктүрөт деген — миф. Аны шыктандырып, кошо ойноп, чогуу китеп окусаңыз бала сизден үлгү алат. Ошентип турмуштук жүрүм-турумдар эрте калыптанат. Анан 14-15 жаштагы балабызды, кээде 60 жаштагы күйөөбүздү түздөгүбүз келет. Биз эчак кечиккенбиз.
![Жайлоодогу бала бакчада тарбияланган жеткинчектер Жайлоодогу бала бакчада тарбияланган жеткинчектер - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103607/44/1036074483_0:99:2592:1728_600x0_80_0_0_38d4ded5a9a54bf634883475eec51588.jpg)
![Балдарды ар тараптуу өнүктүрүүгө басым жасалат Балдарды ар тараптуу өнүктүрүүгө басым жасалат - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103607/44/1036074489_0:197:5184:3456_600x0_80_0_0_e187a388c7f77e79b6646764ef33ba72.jpg)
![Бири-бири менен сүйлөшүп, элге аралашан наристелер үчүн бала бакчанын ролу чоң Бири-бири менен сүйлөшүп, элге аралашан наристелер үчүн бала бакчанын ролу чоң - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103607/44/1036074496_0:98:5184:3357_600x0_80_0_0_15780b4dc289fd3ebe7c143c54e79d37.jpg)
![Балдар менен кыргыздын белгилүү өнөрпоздору да иштейт Балдар менен кыргыздын белгилүү өнөрпоздору да иштейт - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103607/45/1036074503_0:0:2591:1628_600x0_80_0_0_cf368e194ec40be82aad8ec8a633c980.jpg)
— Баланы тарбиялоодо каржынын жоктугу же аздыгы тоскоолдук болушу керекпи?
— Эч убакта андай болбошу керек. Мисалы, мен бир апаны билем. Төрт баласын пол жууп иштеп тапкан акчасына багып, тарбиялап келет. Кайда барба балдарын сынактарга, майрамдарга жетелеп жүргөнүн көрөсүң. Андыктан бул нерсе ата-эненин эркине байланыштуу. Бала өнөрү, жөндөмү жок төрөлүп, тарбияга жараша чоңоет.
— Жайлоо бала бакчалары боюнча иш алып барып аймактарда иштеп жүрөсүздөр, сизди таң калтырган окуялар көп болсо керек?
![Директор фонда Инициатива Розы Отунбаевой Догдуркуль Кендирбаева Директор фонда Инициатива Розы Отунбаевой Догдуркуль Кендирбаева - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103607/41/1036074128_0:0:6016:4016_600x0_80_0_0_b69d6a6a4afc10384f03d6f871918746.jpg)
— Чет өлкөлөргө чыгып жүрөсүздөр, бул багытта башка мамлекеттерден кандай тажрыйба алышыбыз керек?
— Илим-изилдөө боюнча көпчүлүк өлкөлөр бир топ алдыга озуп кетти. Аларда бүтүндөй окуу методикасы жаш өзгөчөлүккө жараша даярдалат. Бизде болсо 1-класстан жогорку класстагы окуучуларга чейин элдик жомоктор эч бир сүрөтү жок кара сөз менен окутулуп келет. Ошондой эле балдарды тарбиялоо боюнча мисал айтсам, Японияда эне баласын төрт жашка чыгарбай жумушка чыкса таң калышат. Ал жакта тарбияга өзгөчө мамиле жасалат. Кыскасы, өнүккөн өлкөлөрдөн үйрөнө турган нерселер көп.