Исаков: техникалык кароону кайра киргизишибиз керек
Техникалык кароону кайра киргизүү зарыл экендигин Сапар Исаков депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Аталган суроону "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Таалайбек Масабиров узаткан.
"ЕЭАБдин талаптарына ылайык техникалык кароону кайра киргизишибиз керек. Анткени ушундай милдеттеме бар. Биз аны сөзсүз аткарышыбыз абзел. Ошондуктан тиешелүү чечимдерди карап чыгабыз", — деди Исаков.
Ал маселе жакынкы айларда чечилип каларын кошумчалады.