БАТКЕН, 5-дек. — Sputnik. Кадамжай районунун Масалиев айыл аймагында экспортко багытталган айыл чарба продукциясын сактоочу логистикалык борбор ачылды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Ага ылайык, аталган жай ЕАЭБдин талаптарына толук жооп берет.
"Борборду курууга 9 миллион сом жумшалган. Жыл сайын Кадамжай районунда 23 миң тоннага жакын мөмө-жемиш өндүрүлөт. Эми жергиликтүү дыйкандар менен багбандар апрель, май айларына чейин бул жайда мөмө-жемиштерин сактаса болот", — деп айтылат маалыматта.
Аны ишке берүү салтанатына айыл чарба жана мелиорация министри Нурбек Мурашев, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев баштаган аткаминерлер менен жергиликтүү тургундар катышкан.
Мурашев айыл чарба тармагына багытталган ишканаларды ачууну каалаган жеке ишкерлерге мамлекет тараптан жеңилдетилген насыялар жана ар тараптуу колдоолор болорун белгиледи.