БАТКЕН, 5-дек. — Sputnik. Кадамжай районунун Марказ айыл аймагында сүттү кайра иштетүүчү кичи завод ачылды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Чолпон Бердикулова билдирди.
Анын айтымында, ишкана заманбап жабдуулар менен жабдылган. Сүт заводу күнүнө 500 литр сүттү кайра иштетип, андан айран, каймак, быштак, йогурт чыгарууда.
"Өндүрүлгөн продукцияны аймактагы ооруканага, билим берүү мекемелерине жана завод-фабрикаларга сатуу боюнча келишимдерди түзө баштады. Завод күнүнө 1 тоннага жакын продукция өндүрөт. Учурда заводго жергиликтүү тургундар сааган сүттөрүн тапшырууда", — деди ал.
Иш-чаранын ачылуу аземине КРдин айыл чарба жана мелиорация министри Нурбек Мурашев, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев жана жергиликтүү жетекчилер менен тургундар катышты.