БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. "102" кызматынын мобилдик батальонунун атайын унаасы жол кырсыгына кабылганын Бишкек шаардык милициясынан Sputnik Кыргызстан агенттигине билдиришти.
![102 кызматынын мобилдик батальонунун атайын унаасы жол кырсыгына кабылганын Бишкек шаардык милициясынан Sputnik Кыргызстан агенттигине билдиришти 102 кызматынын мобилдик батальонунун атайын унаасы жол кырсыгына кабылганын Бишкек шаардык милициясынан Sputnik Кыргызстан агенттигине билдиришти - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103689/08/1036890839_0:53:1031:702_600x0_80_0_0_b9d65dd5753ec7b7b2c35eae520c20ab.jpg)
![Маалыматка караганда, окуя 18-декабрь күнү таңкы саат 05:15те Абдрахманов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон Маалыматка караганда, окуя 18-декабрь күнү таңкы саат 05:15те Абдрахманов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103689/08/1036890844_0:62:1032:711_600x0_80_0_0_9c45e49938f4c753b29016f6efa9e59c.jpg)
![Укук коргоо органдарынан билдиришкендей, Daewoo унаасынын айдоочусу аэропортко шашып бара жатканын билдирген Укук коргоо органдарынан билдиришкендей, Daewoo унаасынын айдоочусу аэропортко шашып бара жатканын билдирген - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103689/08/1036890849_0:62:1032:711_600x0_80_0_0_c18342162a3b32b22ab54fb4fa7b53ab.jpg)
![Эки айдоочу тең соо болгон. Ушу тапта бардык экспертизалар дайындалды. Эки айдоочу тең соо болгон. Ушу тапта бардык экспертизалар дайындалды. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103689/08/1036890855_0:88:1031:737_600x0_80_0_0_681ddcbf4d4d8dd505ea158a4aa2cd04.jpg)
Маалыматка караганда, окуя 18-декабрь күнү таңкы саат 05:15те Абдрахманов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
"102" унаасы Абдрахманов көчөсү менен түндүк багытта бара жатан. Көчөнүн Бөкөнбаев менен кесилген жериндеги жол чыракка токтогондо катуу ылдамдыкта келе жаткан Daewoo Nubira үлгүсүндөгү унаа артынан келип сүзгөн. Анын кесепетинде мобилдик батальондун экипажынын бардыгы жабыркап, үчөө тең ооруканага жеткирилген", — деп айтылат маалыматта.
Укук коргоо органдарынан билдиришкендей, Daewoo унаасынын айдоочусу аэропортко шашып бара жатканын билдирген. Эки айдоочу тең соо болгон. Ушу тапта бардык экспертизалар дайындалды.