БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Чүй облусундагы коллектордук-дренаждык тармак оңдолуп чыгып модернизацияланат. Мындай тапшырманы премьер-министр Сапар Исаков жер астындагы суулардын көтөрүлүшүнүн натыйжасында турак-жайлардын суу астында калуу кесепеттерин жоюу маселеси боюнча жумушчу кеңешмеде берди.
Өкмөттүн маалыматына ылайык, кеңешме кечээ, 23-декабрь күнү, өткөн. Вице-премьер Даир Кенекеевдин айтымында, жер астындагы суулар "Шамшы", "Кызыл-Суу" жана "Чу" дайраларындагы суунун көлөмү жогорулагандыгына, ошондой эле коллектордук-дренаждык тармактардын бузулуп, өз учурунда тазаланбагандыгына байланыштуу көтөрүлгөн.
![Рабочее совещание по вопросу ликвидации последствий подтопления жилых домов в Чуйской области Рабочее совещание по вопросу ликвидации последствий подтопления жилых домов в Чуйской области - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103699/07/1036990785_41:0:1600:980_600x0_80_0_0_f5502716a3fa9cc24a49b64b683cea60.jpg)
![Өкмөттүн маалыматына ылайык, кеңешме кечээ, 23-декабрь күнү, өткөн. Вице-премьер Даир Кенекеевдин айтымында, жер астындагы суулар Шамшы, Кызыл-Суу жана Чу дайраларындагы суунун көлөмү жогорулагандыгына, ошондой эле коллектордук-дренаждык тармактардын бузулуп, өз учурунда тазаланбагандыгына байланыштуу көтөрүлгөн. Өкмөттүн маалыматына ылайык, кеңешме кечээ, 23-декабрь күнү, өткөн. Вице-премьер Даир Кенекеевдин айтымында, жер астындагы суулар Шамшы, Кызыл-Суу жана Чу дайраларындагы суунун көлөмү жогорулагандыгына, ошондой эле коллектордук-дренаждык тармактардын бузулуп, өз учурунда тазаланбагандыгына байланыштуу көтөрүлгөн. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103699/07/1036990791_0:117:1600:1123_600x0_80_0_0_72f450b8988f59f3d1198e0d1e2a1ead.jpg)
Мындан тышкары, буга жеке субъектилердин жана чарба ээлеринин коллектордук-дренаждык тармактарда курулуштарды тургузуусу себеп экени айтылды.
Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов маалымдагандай, учурда дренаждык тутумдарды тазалоо үчүн атайы техника тартылган.
Премьер-министр Исаков тийиштүү мамлекеттик органдарга жергиликтүү бийлик менен катар Чүй облусундагы жер астындагы суулардын көтөрүлүшүнүн натыйжасында турак-жайлардын суу астында калуусунун алдын алуу боюнча толук чараларды көрүү тапшырмасын берди.
Ошондой эле тийиштүү мамлекеттик органдарга жеке субъектилердин жана балык чарба ээлеринин коллектордук-дренаждык тармактарда курулуштарды тургузуусунун мыйзамдуулугун иликтеп чыгуу тапшырылган.