БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. 2017-жылдын 1-январынан ушул күнгө чейин Sputnik Кыргызстан командасы күндү күн, түндү түн дебей 28 800 материал даярдап окурмандарга сунуштады. Кабарчылар жыл ичинде жазган кызыктуу макалалар туурасында кеп кылышат.
Нургул Максутова
![Корреспондент ИА Sputnik Кыргызстан Нургул Максутова Корреспондент ИА Sputnik Кыргызстан Нургул Максутова - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103613/22/1036132260_0:0:6016:4016_600x0_80_0_0_cfae725bc1a3c32c0b35bcf81e081cd9.jpg)
Албетте, азыр менде "Сынган кылыч" тарыхый романы боюнча жасалган долбоор зор канааттанууну, сыймыктуу бир сезимди тартуулайт. Бул эмгегибиз менен коомчулуктун эсинен бүгүн, эртең чыгып кетпей турган, керек болсо көп жылдарга калчу эмгек жасадык деп ишенем. Бизге окурмандын жакшы пикири менен сөзүнөн өткөн сонун нерсе жок. Суктанган, алкаган, ыраазы болгон пикирлер республиканын ичинен да, сыртынан абдан көп болду. Ал тургай китептин аудиоверсиясын кайдан көчүрүп алсак болот деген суроолор жаады. Бул, албетте, жакшы жыйынтык деп билем.
Расул Үсөналиев
![Колумнист Расул Усеналиев Колумнист Расул Усеналиев - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/102074/41/1020744166_0:0:6016:4016_600x0_80_0_0_8668d29f5cda16eb6a8c0accb54498be.jpg)
Ал эми маданият ишмерлери "наамдар калыс бөлүштүрүлгөндө коом арасында мындай талаш-тартыш жаралбайт болчу" деген пикирлерин билдиришти.
Бегимай Бакашева
Таалайгүл Усенбаева
![Корреспондент ИА Sputnik Кыргызстан Таалайгул Усенбаева Корреспондент ИА Sputnik Кыргызстан Таалайгул Усенбаева - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103024/19/1030241932_0:0:5772:3854_600x0_80_0_0_54997dc1e098c92060e9eda14221d075.jpg)
Ошондой эле жума сайын чыккан "Болбойт" рубрикасын даярдап, кыргыз элинин жазылбаган мыйзамдарынын маани-маңызын элге жеткирүүгө аракет кылдым.
Исмаил Мамытов
![Журналист редакции Sputnik Исмаил Мамытов Журналист редакции Sputnik Исмаил Мамытов - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103056/67/1030566725_0:0:3600:2403_600x0_80_0_0_06f284e6173d6b45caea4c93d52b660d.jpg)
Эламан Карымшаков
![Журналист Sputnik Кыргызстан Эламан Карымшаков Журналист Sputnik Кыргызстан Эламан Карымшаков - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103709/65/1037096557_0:0:6016:4016_600x0_80_0_0_6a5b24e5dafba32e02d6dc7d53b6b7ab.jpg)
Был жылы көбүнчө маданият, спорт жана социалдык темалардын үстүндө иштедим. Ал эми Астанадагы көк бөрү мелдеши эсте калаарлык окуялардын бири болуп калды. Оюн башталбай жатып чыр чыкканын, жеңиштин колдон учканын жана "байгени сатып жибердиңер" деген элдин дүбүртүн кесиптешим Алия Раимбекова экөөбүз ыкчам жана ар тараптуу чагылдырып жаттык. Анан "Кыргызстанда жашаган байыркы енисейлик кыргыздардын сүрөттөрү" деген долбоорду жасап жатканда "көзү көк, өңү сары кыргыздар барбы", деп бүт
Гүлдана Талантбекова
![Корреспондент ИА Sputnik Кыргызстан Гулдана Талантбекова Корреспондент ИА Sputnik Кыргызстан Гулдана Талантбекова - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/103263/33/1032633376_0:0:5200:3471_600x0_80_0_0_e538bb8b6e66288c6194af06a0bc346e.jpg)
Спортчулар, силер утсаңар абдан толкунданам, жеңилсеңер силерден кем калышпай санаа тартам. Катуураак муштум жесеңер билмексен болом. Бирок ичимден ызаланам.
Мирбек Сакенов
Ошондой эле сегиз баланы татыктуу тарбиялап, чемпион кылып өстүргөн ата тууралуу баян баарыбызга үлгү болду. Бул менин сыймыктанаарлык макалам десем дагы болот. Эми буюрса келе жаткан жаңы жылда андан дагы мыкты тарыхый окуяларды баяндаган эмгектерди жасаганга бардык аракетимди жумшайм.