БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда мас абалында майып таанышын сабап өлтүрдү деп шектелген жаран колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Милицияга Ак-Суу районунун Михайловка айылына жакын жайгашкан дачалардын биринде белгисиз адамдын өлүгү табылгандыгы жөнүндө кабар түшкөн.
"Тергөө-ыкчам тобу жерине барып, өлүктү кароо жүргүзгөндө сөөктүн башынан жана көкүрөк тушунан көк ала болгон тактар табылган. Кийинчерээк маркум Каракол шаарынын 57 жаштагы тургуну, 2-топтогу майып экени белгилүү болду", — деп айтылат билдирүүдө.
Сурак маалында шектелүүчү таанышы менен спирт ичимдигин ичип отуруп, кийин уруша кетип аны сабап өлтүргөнүн айтып берген.
Аталган факты боюнча КРдин Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголду.
Эске салсак, 6-февраль күнү кечинде Санкт-Петербург шаарында бир нече күн бою дайынсыз жүргөн кыргызстандык жеткинчектен сөөгү табылган. Анын өлүмүн жездеси мойнуна алды.