Шаршенбеков Жоламан Назарбекович — өмүр баяны
14:28 27.02.2018 (Жаңыртылды: 12:31 18.12.2022)
© Фото / United World WrestlingШаршенбеков Жоламан Назарбекович
![Шаршенбеков Жоламан Назарбекович Шаршенбеков Жоламан Назарбекович - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e6/04/15/1063823864_583:506:2505:1587_600x0_80_0_0_abaa1ee56c6ffe529d5ecd0866ff8bcd.jpg)
© Фото / United World Wrestling
Жазылуу
Жоламан Шаршенбеков 1999-жылы 29-сентябрда Талас облусундагы Манас районуна караштуу Баласаруу айылында туулган.
Үй-бүлөсү тууралуу:
Атасы Назарбек Рысалиев 1972-жылы туулган, жеке ишкер. Апасы Гүлнара Жуманалиева 1974-жылы туулган, №5 компьютердик гимназияда математика мугалими болуп эмгектенет. Жоламан — беш бир туугандын үчүнчүсү.
Билими:
Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын машыктыруучулук факультетинин 2-курсунун студенти
Күрөштүн грек-рим түрүн аркалайт. Бою 161 сантиметр, салмагы 55 килограмм.
Машыктыруучусу — КРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу Хаким Махмудов
© Sputnik / Табылды КадырбековЖоламан Шаршенбеков жана КРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу Хаким Махмудов
![Мастер спорта СССР, заслуженный тренер Киргизской ССР Хаким Махмудов Мастер спорта СССР, заслуженный тренер Киргизской ССР Хаким Махмудов - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/0c/02/1054829618_0:0:3072:2048_600x0_80_0_0_73d52bf857defee1eddbccfdd4fd9589.jpg)
Жоламан Шаршенбеков жана КРдин эмгек сиңирген машыктыруучусу Хаким Махмудов
Спорттук жетишкендиктери:
Грек-рим күрөшү боюнча КРдин төрт жолку чемпиону;
Грек-рим күрөшү спорт чебери;
2015 — Индияда өткөн Азия чемпионатында алтын медаль;
2016 — Кытайдын Тайбэй шаарында өткөн Азия чемпионатында коло медаль;
2016 — Грузияда өткөн дүйнө биринчилигинде коло медаль;
2017 — Азия чемпионатында күмүш медаль;
2017 — Финляндиядагы дүйнө биринчилигинде күмүш медаль.