БИШКЕК, 20 мар — Sputnik. Россиянын борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала берген маалыматына ылайык, учурда президент Владимир Путин алдыга чыкты.
Путин шайлоочулардын 72,08 пайыз добушун алды. Мындай көрсөткүчтөр шайлоо участкаларындагы протоколдордун 21,91 пайызынын жыйынтыгы менен чыккан.
Жогоруда белгиленген пайыздык көрсөткүчтөр автоматташтырылган системадан түшкөн протоколдордон улам өзгөрүп турат.
Экзит-поллдун алгачкы маалыматтары боюнча да Владимир Путин алдыды.
Ал эми "Коомдук пикир" фондунун маалыматы боюнча учурдагы президент Владимир Путинге шайлоочулардын 76,3 пайызы добуш берген, экинчи орунда 11,9 пайыз менен Павел Грудинин, үчүнчү орунда Владимир Жириновский. Ал шайлоочулардын алты пайыз добушун алган.
Бүткүл россиялык коомдук пикирди үйрөнүү борборунун маалыматына ылайык, Путинге жарандардын 73,9 пайызы, Грудининге 11,2 пайыз, Жириновскийге 6,7 пайыз добуш беришкен.
Бардык шайлоо учаскалары Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 12:00дө жабылды.
Президенттикке сегиз киши талапкер болгон. Алар: Сергей Бабурин, Павел Грудинин, Владимир Жириновский, Владимир Путин (азыркы президент), Ксения Собчак, Максим Сурайкин, Борис Титов жана Григорий Явлинский.