БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Ачык өкмөт Улуттук форумунун алгачкы жыйыны өтүп, ага вице-премьер Алтынай Өмүрбекова катышканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, Кыргызстан 70ке жакын өлкө кирген Ачык өкмөт өнөктөштүк глобалдык демилгесине 2017-жылдын ноябрында кошулган. Ушул айда Грузияда Ачык өкмөт саммити өтүп, ага премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бармакчы.
"Жарандык коом менен биргелешкен күч-аракеттерибиз аркылуу биз бардыгын кызыктырган актуалдуу маселелерди иштеп чыгып, Грузияда өтө турган "Ачык өкмөт" саммитинде өлкөнү татыктуу көрсөтөбүз деп ишенем. Учурда биздин алдыбызда саммитте сунушталуучу эки жылдык аракеттердин улуттук планын түзүү милдети турат", — деди Өмүрбекова.
Жыйындын жүрүшүндө форумдун катышуучулары"Ачык өкмөт" жарандык коом менен диалогду жөнгө салууга, ачык-айкын жана отчеттуу мамлекеттик орган менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын түзүүгө жардам берерин белгилешти.
Натыйжада сунуштарды эске алуу менен Улуттук форум жөнүндө жобонун долбоору негиз катары кабыл алынып, өкмөттүн кароосуна киргизилмей болду.