Ал эми кыргыз спорт журналистикасынын учурдагы абалы кандай? Бул тармактагы озуйпасын аткарып жатабы? Кандай көйгөйлөрү бар? Бул суроолордун тегерегинде Кыргызстандын спорт журналисттер федерациясынын башкы катчысы, колумнист Кабыл Макешов ой жүгүрттү.
AIPS деген эмне?
Кыргызстандын спорттук журналисттер федерациясы бул ассоциацияга 1995-жылдан бери мүчө.
Көз жаздымда калып келген спорт темасы
Чынында СССР доорунда деле маалымат каражаттарында спорт темасына салкын мамиле болуп келген. Гезит-журналдарда, телерадиодо спорт тармагындагы жаңылыктар куш тилиндей маалымат менен гана чектелип, бул тармактын көйгөйлөрү терең талдоого алынчу эмес.
Учурда деле жогорку окуу жайларындагы журналистика бөлүмдөрү же факультеттер спорттук журналисттерди даярдоого чамасы жетпей келүүдө. Атайын курстарды уюштурууга да көңүл бурулбайт. Кыргызстанда спорттук журналистиканы өнүктүрүү үчүн, дене тарбия, спортту жайылтуу жана генофондду сактоо үчүн өлкөдө спорттук гезит, журнал, өзүнчө маалымат каражаттары болуусу зарыл. Бирок өлкөдө ушу тапта бирин-экин спорттук гезит болгону менен каражаттын жоктугунан же демөөрчүлөр колдоого албагандыктан бир жылга жетпей ындыны өчүп калып жатат. Кыргызстандын тарыхында бир дагы толук түстүү спорт журналы болгон эмес. Кыргыз телерадио каналдары деле спорттук берүүлөргө эми гана маани берип, “Спорт” каналы жаңы ачылып спорт тармагын “жиликтеген” журналисттерге муктаж болуп турган чагы. Дасыккан адистердин жоктугу учурда Россияда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатын чагылдырууда айкын байкалып калды.
Баасы жок басылмалар
Ошондой болсо дагы эгемен өлкөнүн туусун Азия, дүйнө чемпионаттарына, Азия оюндарына, жайкы жана кышкы олимпиадалык оюндарга көтөрүп барып, алына жараша намыс талашкан спортчулардын ийгилик жана мүчүлүштүктөрүн маалымат каражаттары кененирээк чагылдыра баштады.
Спорт журналистинин абалын сураган киши барбы?
Чынында спортко кызыккан же жашында спорт менен машыккан айрым журналисттер бул тармактын жүгүн өз демилгеси менен чама-чаркына жараша көтөрүп келе жатышат. Ошондой болсо дагы өлкөнүн спорт журналистикасынын деңгээли коңшу Казакстан, Азербайжан, Түркмөнстан жана Өзбекстандан, ал түгүл Тажикстандан да төмөн. Себеби, бул өлкөлөрдө бир нече спорт гезит, журналдары бар. Аларды өкмөтү колдоого алып, каражаттан жардам берип, бутуна туруп калышкан. Спорт тармагы оңой көрүнгөнү менен аны жазуу үчүн атайын даярдык, спорт дүйнөсү тууралуу билим керек. Ошондой эле спорт журналисттери үчүн мелдеш, өлкө чемпионаттары, эл аралык турнирлер учурунда иштөөгө шарт жок.
Учур талабына жооп бербеген деңгээл
Кыргызстанда 1995-жылы спорт журналисттеринин федерациясы түзүлгөндөн бери өлкөдөгү спортту, дене тарбияны, сергек жашоо ыңгайын жайылтууга колдон келген салымын кошуп келүүдө. Учурда федерациянын президенти Улугбек Салымбековдун демилгеси менен ар жыл сайын спорт журналисттери арасында кичи футбол, боулинг мелдештери өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө баалуу сыйлык тапшыруу салтка айланган. Эки-үч жылдан бери Жаштар саясаты, дене тарбия жана спорт агенттиги менен бирдикте Чолпон-Ата шаарында 30дан ашуун спорт журналисти үчүн футзал, кол күрөш, таяк тартыш, сууда сүзүү, аркан тартмай, стол тенниси боюнча мелдештер өткөрүлүп, жеңүүчүлөрдү сыйлоо колдоого алаарлык көрүнүш. Бирок мелдешип гана тим болбостон тажрыйбалуу журналисттер мастер-класс өтүп, семинар-кеңешмелер да уюштурулса натыйжалуу болмок…
Автордун пикири редакциянын көз карашына дал келбей калышы мүмкүн.