Жумабеков Талас жергесинин ал кезде 60 түтүн жашаган Куру-Маймак, азыркы аты Сатыкей айылында 11 балалуу үй-бүлөдө төрөлгөн.
Айылымды эстеп, балалыгым тууралуу кеп кылаарда алгач эле атам Артисбек эсиме түшөт. Ал кишилердин туура тарбиясы, ашынган мээнеткечтигинин арты менен 11 баласы тең жогорку билимге ээ болуп, ар кимибиз турмуштан өз ордубузду таптык деп ойлойм.
Эки уй саап, бир короо кой кайтарган тестиер
Атам абдан эмгекти сүйгөн киши эле. Өзү да колхоздо иштечү. Бизди кара жумушка үйрөтүп, тарбиялады. Атамдын дайым айткан үч сөзү азыр да эсимде. Тамеки тартып ичимдик ичпегиле, уурулук жасабагыла жана кара жумуштан качпагыла дечү. Уй саап, кезүү кайтарып, кой кыркып, айтор, элет жериндеги бардык жумуштарды жасап чоңойдум. Эсимде, 7-классты бүткөн жылым эле. Жайкы каникул учурунда таенемдикине жиберишти. Ал киши кошуна айылдын абройлуу байбичелеринен болчу. Өзү жалгыз жашаганы менен оокатка тың, короо толо кою, саан уйлары бар эле. Колхоздо да алдыңкы жумушчулардан болуп жүрчү. Ошол жылы колхоз ага "Көгүлтүр Ысык-Көл" санаторийине 10 күнгө жолдомо бериптир. Таенем ал жакка эс алганы кетип, баягы үй-тиричилигин карап турсун деп мени чакырткан тура. Азыркы 7-класстын балдары мага кичинекей көрүнөт, бирок анда мен кадыресе чоң киши болуп, күн менен кошо туруп уйларын саап, сүтүн өткөрүп, койлорун кезүүгө кошуп, айтор таенемдин жогун билдирбей 10 күн жашадым. Кечинде досторум келет, алар менен картошка кууруп жейбиз. Абалымдан кабар алып күндө, күн алыс апам келип калат. Ал кездеги адамдардын пейилинен айланса болот. Ушунун баласы бир үйдө жалгыз эле кирип-чыгып жүрөт деп, көз арткан эч ким болбоптур.
- Класском ким?
- Дастан Жумабеков!
- Атаман ким?
- Дастан Жумабеков!
Бир күнү мектеп завучу Керим агай таежемди чакырып, анын көзүнчө мени катуу урушту. Ошентип мектептен чыгып калдым да, кайра айылга келдим. Орусча окубасаң анда таенеңе жардам бер дешип, мени ата-энем таенемдикине жиберишти. Ал жерде деле ошол болду, бирок сабакты жакшы окучумун. Өзгөчө тарых сабагына кызыгаар элем. Кайра куруу заманы болуп, элдин баары эми эмне болот деп турган учур. Тарыхтан берген агайыбыз да саясатка өтө кызыккан киши эле. Сабак башталаары менен биз Михаил Горбачевдун башкаруу системасы, өлкөнүн келечеги сыяктуу темаларда талкууга киришчүбүз. Бул мага да абдан жагаар эле. Классташтарым азыркыга чейин "агай экөөңдүн талкууңду угуп отуруп эле сабак бүтүп калчу" деп айтып калышат.
Рекорд коюлган 110 кг. тамеки, сыйлыкка алган кызыл баштык
Жайкы каникул. Атам алып келген гезиттердин бир тамгасын калтырбай окуп, өзгөчө саясий макалаларга ошол кездеги балалык мээм менен ой жүгүртүп, айылда жүргөн кезим. Бир күнү атам "бир үйдөн бирден кыз-келинди тамеки теримге жибериш керек, бизден сен барасың" деди. Атамдын айтканы биз үчүн мыйзам боло турган. Жок деп моюн толгош ойго да келчү эмес. Баштыгымды көтөрүп алып, колхоздун тамеки талаасына жөнөдүм. Биринчи эле күнү 110 килограмм терип, элдин баарын таң калтырып рекорд койдум. Кыркалекей тизилген эже, жеңелер мактап жатса, таноом дердейип абдан сүйүндүм. Үйгө келип атама айта албадым, акырын шыбырап апама сүйүнчүлөдүм. Апам да маңдайы жарыла кубанып, "азаматсың, дагы ошентип тер, жакшы иште" деп кубаттап койду. Бул жайда окуу башталганча тамекиде иштеп, алгачкы 46 рубль айлыгымды алгам. Тамеки үзүм дээрлик жыйынтыкталып, окуу башталды. Мектептин алдына чогулган салтанаттуу линейкада мектеп директору жана колхоздон келген кишилер, куттуктоо сөздөрүн айтып, жакшы иштеген окуучуларды сыйлап жатышты. Оюмда эч нерсе жок турсам, "эми тамекичи кыздарды куттуктайбыз" деген мектеп директору сыдырмага тизилген мончоктой эле биринен сала бирин чакырып тамекиге иштеген кыздарга белек берип жатты. Бир кезде "Дастан Жумабеков" дегенде чочуп кеттим. Көп кыздын катарында жалгыз эркек, курдаштарымдан уялып, башымды шылкыйтып ортого чыктым. Мага да кыздарга бергендей кыпкызыл баштык беришти. Үйгө келип алып атама "эмнеге мени кыздарга кошуп, кыздардын сумкасын бердиңер, кызылча талаасында иштеген балдардыкындай баштык алмакмын" деп чуу салганым эсимде.
Бой жеткенин табиятка далилдеп…
Гороскоп. Шаардык бала дагы эмнени баштады?
Анан да жайкы каникул учурунда шаардан балдар келчү. Алар бизге окшоп жайдак ат минип, ысык топуракта жылаңайлак чуркай албаганы менен сонун китептерди окушат экен. Таптаза кийинип алышып, велосипед тебишет. Түштө ойнойсуңбу деп барсаң, уктап калган болот. Айтор, алар бизге башка дүйнөдөн келгендей сезилчү. Алардын ар бир айткан сөзү, жасаган кыймылы айылдыктарга кызык эле. Күндөрдүн биринде ушундай шаардык балдардын бири колуна гезит кармап алып "гороскобуң эмне?" деди мага. Мындай сөздү биринчи угушум. "Сөгүнбө!" дедим ачуулана. Мен анда жылдызым бөйөн экенин, ага байланыштуу болжолдуу жылдыз төлгөлөр газеталарга чыгарын кайдан билейин. Ал гороскопту түшүндүрө албай бир топко убараланган.
Шаардык мектептин мыйзамын "сыйлабай"…
Катымдын соңунда ушундай балалыкты тартуулаган айылыма, ата-энеме, курбу-курдаштарыма ыраазылыгымды билдиргим келет. Ошол айылда калган ар бир күнүм, менин кийинки жашоого салган чыйырым экенин эми түшүнүп отурам. Эмгекчил атам, мээримдүү апам, жоопкерчиликтүү мугалимдерим, бир нанды тең бөлө жеген досторум мен силерди азыр сагынып жашайм. Алыста калган балалыгымдагы элестериңерди сагынам. Ар бириңди азыр көрсөм, кайра эле сагынам. Кымбаттуу менин айылдаштарым, жалпыңарга ден соолук каалагым келет. Айылыбыздын берекеси артып, ынтымагы күчөп, ырыскысы төгүлүп турсун. Жаштарыбыз акылдуу, күчтүү болсун. Аксакалдарыбыз нарктуу, барктуу болсун.
Силерди терең урматтап, Жогорку Кеңештин төрагасы, уулуңар Дастан Жумабеков