Узаган жуманын аягында социалдык тармактарда "Кыргызстандык таксист Москвада кардардын унутуп кеткен капчыгын кайтаруу үчүн аны 8 саат күткөн" деген маалымат чыкты. Соңку учурдагы жагымсыз окуялардан кийин мындай кабар мекендештердин жүрөгүн жылытып, сыймык алып келди.
Кыргыз жигитинин нысаптуулугуна кубанган кардар Варя Борцова Facebook баракчасына ыраазычылык сөзүн жазган. Анда ал унутуп кеткен сумкасындагы накталай акчасын, банктык картасын жана документтерин берүү үчүн көпкө күткөн таксист тууралуу баяндаган.
Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы ошол таксист жигитти таап, маек курду. Ал Сокулук районунун Асылбаш айылында туулган 30 жаштагы Кайрат Тентимишев экен.
— Бул окуя кандай болду эле? Өз оозуңуз менен айтып берсеңиз.
— 14-ноябрда таңкы саат 5.00дөр чамасында Шереметьево аэропортунан бир кыз отурган. Жарым сааттай жол жүрүп үйүнө таштагам. Бир аз жылгандан кийин карасам, сумкасын унутуп кетиптир. Дароо кайтарууну чечтим. Телефон номерин же батирин билбейм. Кызды тосуп чыккан атасын таанып калгам. Экөөнүн бирөө чыгып калса керек деп күттүм. Кирип-чыккан 10 чакты адамдан сурадым, эч ким тааныбайт экен. Сурай берүүдөн да тажадым. Анан түшкү саат 13.30дарда баягы кардар чуркап чыгып, абдан кубанып, кучактап, жашып да кетти. Сумкасын алып сүйүнгөнүнөн кайра колума 5000 рубль карматты. Буга анча маани бербей кадыресе көрүнүш катары көрүп эле кетип калгам.
— Суукта 8 саат күтүү да оңой эмес. "Андан ары жумушумду уланта берейин, керек болсо издеп келет" деген ой болгон жокпу?
— Менде эң биринчи максат — сумканы ээсине бериш керек болду. Эгер кетип калсам полицияга арыз жазса, териштирүү башталат. Өзүм араң жүргөндө дагы бир балээге калбайын дедим. Мени таппаган күндө деле биринчиден кыргыздарга, экинчиден таксисттерге көө жабылып, жаманатты болмок. Анткени экөөбүз жолдо азыноолак сүйлөшүп калганбыз. Мен кыргызстандыкмын десем, Бишкекке бир жолу келип кеткенин айткан болчу.
— Москваны билесиздер, ар кандай окуя болуп кетиши мүмкүн. Биринчи ачып көрөйүн, балким визиткасы болуп калабы деген ой келди. Бирок кийин догурунуп чыкса манжа издеримди далил катары пайдаланбасын деп тийбедим. Унаа токтотуучу жай подъездден алысыраак экен. Сыртта туруп, кайра унаага келип жылынып короосун акмалап отура бердим.
— Ошол эшиктен кирип ар бир үйдү такылдатып көрүүнү ойлогон жоксузбу?
— Ал подъездде 50-60 батир бар экен. Кайсы биринин эшигин кагууну билбедим. Ар кимдин тынчын алып, сөгүү уккум келген жок. Андан көрө күтүп турууну эп көрдүм.
— Эгер чыкпай койсо канчага чейин күтмөк элеңиз?
— Чынын айтсам 8 саат кандай өтүп кеткенин байкабай калдым. Саатты деле карабай, эшикти аңдып отурдум. Күтөйүн, баары бир чыгат, колуна тапшырмайынча кетпейм дедим.
— Ал кардарыңыз кийин да байланышка чыктыбы?
— Кардарыңыз берген 5000 рубль сый акыны эмнеге короттуңуз?
— Ага маани деле бербептирмин. Күнүмдүк турмушка эле колдонгом.
— Машинаны ижарага алып айдайсызбы?
— Ооба.
— Буга чейин да ушул сыяктуу окуя болду беле?
— Бир жолу кардар кол чатырын унутуп кеткенде диспетчерге таштап келгем. Кийинчерээк бирөө кымбат телефонун унутуп кеткенде, соода борборго кирип баратканда артынан жеткирип бергем. Ошондон кийин кардар түшкөндө дароо отургучтарды текшерип калгам.
Бул кызды жеткиргенде 5000 рубль берген, менде кайтарганга акча чыкпай калды. Ал мага 1200 рубль бериши керек эле. Анан ал "азыр атамды чакырып майда акча алып берем, чемодандар туруп турсун" деген. Үйүнө чейин 300 метрдей басыш керек экен. Ага жардам берип эки чемоданын сүйрөп подъездине чейин жеткиргенде атасы тосуп чыгып майда акча берген. Ошондон улам машинанын артын карабай айдап кеткем.
— Москвада канча убакыттан бери иштейсиз?
— Москвада жүргөнүмө декабрда бир жыл болот. Үч кызымды чоң ата, чоң энесине таштап келинчегим экөөбүз келгенбиз. Алгач дүкөндө иштегем, такси кызматына май айында орноштум. Келинчегим соода борборунда кассир болуп эмгектенет.
— Москвага барганга чейин эмне менен алектенчү элеңиз?
Эң өкүнүчтүүсү — кыздарымдын балалык таттуу учуру биз жок өтүп жатканы. Бул жакка карыздардан кутулуп, үй-жайлуу болсом деп келдим эле. Азыр кыздарымдын жанында болуу биринчи максатым болуп калды. Бирок дагы деле карыздардан кутулуп бүтө элекпиз. Бул да Кудайдын сыноосу окшойт.
— Комментарийлерде жакшы тарбия берген ата-энесине рахмат деп жазышууда. Ошол адамдар тууралуу айтып берсеңиз?
— Атам 57, апам 50 жашта. Атам мурда поезд коштоочу болуп иштеген. Учурда экөө тең неберелери менен мал-жанды карап үйдө. 80 жаштагы чоң энем бар.