Енисей дарыясынын жака-белинде жашаган кыргыздар бар экенин укканда ал жактан эмне жоготушту деп санаага түштүм. Мигрант болуп барып эле отурукташып калган. Кары калың, суугу 65 грудуска жеткен климаты катаал жерге барып алышканын түшүнүү кыйын. Бирок маектин соңунда мен дагы ал жакта жашагым келип кетти.
— Сиздер байырлаган Таймыр жарым аралы тууралуу айтып берсеңиз. Ал жактын жашоосу кандай?
— Таймырдын Дудинка, Кайеркан, Норильск, Оганер, Талнах деген беш шаары бар. Биз Енисей дарыясынын жака-белиндеги Дудинка калаасында турабыз. Ушул эле шаарда 170 кыргызстандык эмгектенет. Саратан жайды көрбөйбүз, тогуз ай кыш болот. Кечээ эле бир карыштай кар жаап, кайра эрип кетти. Июндун ортосунан сентябрга чейин күндүн табы бир аз көтөрүлүп 5 градус жылуу болот. Октябрда кадимкидей кыш башталат да чилдеде 65 градуска чейин суук болот. Жайында муз эригенде Енисей дарыясы аркылуу кеме жүрүп керектөөчү буюмдарды, азык-түлүктөрдү ташыйт. Суурга окшоп күзгө чейин азыгыбызды камдап алабыз. Азыр мөмө-жемиштерди жеп жыргап жаткан чагыбыз. Башка учурда учак менен гана чет жакка чыга алабыз.
— Ушундай алыстагы аралга кантип барып, орун-очок алып калдыңыздар?
— Дудинкага эң биринчи союз маалында 1978-жылы Ыйманкан жана Кубат деген агаларыбыз келген экен. Жакшы иштеп, ыгын таап калгандан кийин Кыргызстандагы туугандарын чакыра баштайт. Өзүм Бишкекте Тоо-металлургия институтунун инженер-геология адистигин бүткөм. 2004-жылы кыргыздар Россияга агылып жаткан маалда, ошонун шары менен мен да сапарга чыккам. Поездге отуруп Красноярскиге чейин келип, андан ары самолет менен Таймырга учкам. Биринчи көргөндө ушундай жерде адамдар кантип жашайт деп таң калдым эле. Буйрук экен 14 жылдан бери кетпей отурам. Ал убакта 30дай эле кыргыз болсо, азыр 170ге жетип калдык. Келинчегим менен да ушул жактан табышкам. Байкемдин кафесинде официант болуп иштечү, экөөбүз эч кимге билгизбей сүйлөшүп жүрүп акыры баш коштук. Тоюбуз да бул жерде өткөн. Учурда үч уулдун ата-энеси болуп, дагы бир кыз күтүп жатабыз. Келгенден бери үч батир, 12 унаа алмаштырдым. Жашообуз жакшы, азыр кетким келбейт.
— Былтыр Бишкекте 35 градус суук болгондо айлабызды таппай чыйпылыктап калганбыз. Ал тургай Жылуулук борбору да жарылып кеткен. 65 градус суукта кантип жан сактайсыздар?
— Бардык жайда жылуулук системалары орнотулган. Суук өтпөй турган атайын жылуу кийимдер бар. Ошону кийип темир жолдо иштегендер кечке чейин көчөдө жүрөт. Автобус аз, эл көбүнчө такси менен жүрөт. Жумушчуларды кызматтык автоунаалар алып барып, алып келет. Кар эки-үч метрге чейин жаап экинчи кабаттагы үйдүн терезесине жете түшөт. Эртең менен сыртка чыга албай каласың. Бирок техникалары күчтүү, заматта эле баарын тазалап таң калтырат. Баса, бизде күн-түн деген түшүнүк жок. Алты ай жарык, алты ай караңгы болот. Апрель айынан бери түн көрө элекпиз, төбөңдө күн айланып тура берет. Эми октябрда караңгы түшөт да фонарик менен жүрүп калабыз.
— Таймырдагы кыргыздар эмне жумуш кылышат?
— Кеме токтоочу жайларда, темир жолдо, мамлекеттик жумуштарда, жеке компанияларда эмгектенишет. Учурда мен жеке ишкерлик менен алектенем, жубайым бала бакчада кенже тарбиячы. Айлык акы 50 миң рублдан жогору. Кеме токтоочу жайда иштегендер 130-150 миң рублга чейин алат. Кен-байлыктар чыккан "Норильский Никелде" иштегендер угушума караганда 150 миң рублдан жогору айлык алышат экен. Бирок ал жерден уулу заттар чыгып тургандыктан атайын график менен иштешет.
— Чакан шаар болгонуна карабай кыргыз маданиятын көрсөтүп иш-чараларга катышып турат экенсиздер. Ал жактын чыгармачыл чөйрөсүнө кантип аралашып калдыңыздар?
— Адамдар өзү араң барып жаткан жарым аралга, боз үйдү кантип жеткирдиңиздер?
— Боз үйдү Ысык-Көлдүн Түп районундагы устадан сатып алышкан. Аны бир байке Foton үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаасына сандыгын, кийим-кече, дасторкон, идиш-аяк иши кылып кыргызга тиешелүү нерсенин баарын жүктөп жөнөтүшкөн. Бишкектен Красноярскиге төрт суткада жетиптир. Андан бери кемеге салып жалпы жонунан бир ай жол жүрүп алып келди.
— Ал жактагы кыргыздар майрамдарда дагы чогулуп турасыздарбы?
— Жаш курагына карап алты жамаатка бөлүнөт. Жаңы-жыл тособуз. Бир жамаат кечени уюштуруп, кийинки жамаатка өткөрүп берет. Жылына ар бир жанга 1000 рублдан чогултуп орто фондуга салабыз. Кыргыз балдар төрөлсө ошол акчадан сүйүнчү пул чегерилет. Мындан сырткары, мен билгенден алты киши каза болуп калганда сөөгүн калтырбай мекенине жөнөттүк. Курман айтта Красноярскиден бодо мал алчубуз. Соңку жылдары кемелер тирүү мал ташыбай коюп бугу соё баштадык.
— Кадимки эле бугунубу?
— Бул жакта кой, башка мал жок да. Тундурада энцы, эвенки, далгани, нганасаны, ненцы сыяктуу жоголуп бараткан улуттар бугу багышат. Алар боз үй сыяктуу "Чум" деген үйдө жашашат. Бугуларды ошолордон сатып алып келебиз. Бир бугунун баасы 20 миң рубль. Аны Норильски шаарында союп жарымын мечитке таштап, калганын бөлүп алабыз. Бизде баланчанын 100 кою бар дегендей эле жергиликтүүлөр тигинин 100 бугусу бар дешет. Бирок үйдө баккан бугулардын эти анча эмес. Ошон үчүн тоодо кармалган жапайы бугуларды алабыз. Алардын этин жеген да жебеген да арманда. Күнүмдүк жашоодо койдун этин сатып алабыз. Бул жакта эч нерсе өспөйт, өз колуң менен казып же үзүп жей албайсың. Жер эки жума гана жашылданып турат. Анан балыктын түрү бар, каалаган убакта барып кайырмак, тор менен тутуп келсең болот. Кыргыздар да ишке чыкпаган күндөрү балыкка барып эс алууну адатка айланткан.
— Мени аябай кызыктырып койдуңуз, Таймырга конокко барып келет окшойм.
— Келиңиз, жарандыгыңыз болсо маселе жаратпайт. Баса, Таймырга башка өлкөнүн жарандары келе албайт. Аскар Акаевдин убагында жөнөкөйлөтүлгөн система менен киргенге Кыргызстан менен Украианага уруксат болгон. Ал убакта туугандарга чакыруу жиберип эле келе берчүбүз. Азыр андай жок, чакырууну ата-энең менен үй-бүлөңө жибере аласың. Бир туугандарыңды да чакыра албайсың. Анда да ата-энең үч айга чейин гана жүрө алат.
— Кыргызстанга кантип келип кетесиздер?
— Бишкектен самолет менен Москва, Красноярск, Новосибирск аркылуу каттайбыз. Билет баасы жайында орто эсеп менен 35-40 миң рубль, октябрдан кийин арзандайт. Мисалы мен ноябрда Бишкекке барайын деп 15 миң рублга билет алдым. Убакыт боюнча Кыргызстандан бир саат алдыдабыз.
Жыл сайын битир садагадан 60-70 миң сом чогулат аны Кыргызстандагы кайрымдуулук фондуларына жөнөтүп турабыз. Бул жерде ынтымагыбыз жакшы, башкалар кыргыздарды аябай сыйлашат.
— Маектин соңунда үй-бүлөңүз тууралуу эки ооз кеп болсун…