БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Улуттук гвардиянын улук сержанты Кайратбек Рапиев Ысык-Көлдү айланып, 374 чакырым жолду чуркап өттү. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматы билдирди.
![Улуттук гвардиянын сержанты Кайратбек Рапиев Ысык-Көлдү айланып, 374 чакырым жолду чуркап өттү Улуттук гвардиянын сержанты Кайратбек Рапиев Ысык-Көлдү айланып, 374 чакырым жолду чуркап өттү - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104488/43/1044884330_0:42:1081:720_600x0_80_0_0_16e71ef0730d04175014d33e18d1d9ef.jpg)
![Белгилей кетсек, Рапиев 26-июнь күнү саат 19.00дө Балыкчыдан чыккан Белгилей кетсек, Рапиев 26-июнь күнү саат 19.00дө Балыкчыдан чыккан - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104488/43/1044884310_0:42:1081:720_600x0_80_0_0_18588a7f952d30374b9e878e0f2f178b.jpg)
![Жоокер үч суткада Балыкчы — Тоң — Каракол — Чолпон-Ата жолун басып өтмөк Жоокер үч суткада Балыкчы — Тоң — Каракол — Чолпон-Ата жолун басып өтмөк - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104488/43/1044884315_0:42:1080:720_600x0_80_0_0_9b456aa1e9a3408f5bfd92c45a2a5429.jpg)
![Ал 28-июнда саат 15.00дө, башкача айтканда, 43 саат 55 мүнөт 33 секунд дегенде Чолпон-Ата шаарына кирген Ал 28-июнда саат 15.00дө, башкача айтканда, 43 саат 55 мүнөт 33 секунд дегенде Чолпон-Ата шаарына кирген - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104488/43/1044884325_0:42:1080:720_600x0_80_0_0_14c6b7a1d3fc9de1134983ffa681c138.jpg)
![Маалыматка ылайык, жоокер алгач 600 чакырым жолду чуркап өтүүгө белсенип жаткан, бирок дарыгерлердин кеңеши менен андан азыраак жолду баскан. Маалыматка ылайык, жоокер алгач 600 чакырым жолду чуркап өтүүгө белсенип жаткан, бирок дарыгерлердин кеңеши менен андан азыраак жолду баскан. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104488/43/1044884320_0:24:1080:702_600x0_80_0_0_5255e7bd4b7424e5c170584fdcd156fe.jpg)
Белгилей кетсек, Рапиев 26-июнь күнү саат 19.00дө Балыкчыдан чыккан. Жоокер үч суткада Балыкчы — Тоң — Каракол — Чолпон-Ата жолун басып өтмөк.
Ал 28-июнда саат 15.00дө, башкача айтканда, 43 саат 55 мүнөт 33 секунд дегенде Чолпон-Ата шаарына кирген.
Маалыматка ылайык, жоокер алгач 600 чакырым жолду чуркап өтүүгө белсенип жаткан, бирок дарыгерлердин кеңеши менен андан азыраак жолду баскан.
"Ден соолугу жакшы. Марафондон кийин буту ооруксунуп, дарыгерлер текшеришти. Уктабай 44 саат чуркады, басып баратып жемиш, шоколад жеп жатты. Токтобой кийимин алмаштырып, дарыгерлер улам кан басымын текшерип турду. Дүйшөмбү күнү Генералдык штабдын жетекчиси чакырды, жоокер сыйланат", — деп айтылат билдирүүдө.
Рапиев буга чейин эч кимге эч нерсе дебей эле Балыкчыдан Бишкекке чейин чуркап, 22 саатта 190 чакырымды басып өткөн.
Эми америкалык ультрамарафончу Дин Карнасистин рекордунан өтүүгө аракет кылып жатат. Атактуу жөө күлүк 2005-жылы өз мекенинде көлдү айланып, 560 чакырымды 80 саат 44 мүнөттө чуркап өткөн.