БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Арахис, миндаль, токой, грек, кедр жаңгактары эң пайдалуу азык болуп эсептелет. Мындай жыйынтыкты Россиядагы колдонуучулардын жана адам жашоосунун жайлуулугун көзөмөлдөгөн федералдык кызматтын (Роспотребнадзор) адистери чыгарган.
Жаңгактын курамында калий, магний, кальций, фосфор, селен, марганец, никель, кобальт, В1, В2, РР, Е витаминдери, Омега-3 кислотасы дагы бар. Бирок анын майлуу экенин эстен чыгарбаш керек.
Жаңгакты көп жеген адамдын канындагы холестерин азаят. Кант диабети менен жабыркагандарга диетасына кошуп алуу сунушталат.
Кешью деп аталган жаңгак иммунитетти чыңдап, холестеринди азайтып, жүрөк-кан тамыр системасын жакшыртат;
Токой жаңгагы — онкологиялык оорулардын алдын алып, оор жумуш жасагандан кийин пайдалуу;
Грек жаңгагы — эске тутумду жакшыртып, кандагы холестеринди азайтып, кан тамырларын бекем кылат. Ошондой эле ич катып калганда да жардамы чоң;
Арахис — организмдин картаюсу менен күрөшүүгө жардам берип, эс тутумду жакшыртат;
Кедр жаңгагы — аялдардын организмине пайдалуу. Эненин сүтү көбөйүп, тери көйгөйлөрүнөн арылат;
Миндаль — ичеги-карындын иштешин жакшыртып, арыктоого жардам берет.