00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
06:00
3 мин
Жаңылыктар
07:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
2 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
7 мин
Тема дня
Без патентов: какие изменения ждут предпринимателей в торговле?
18:08
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Стимул
Ат жалында казан аскан компаниялар элди эмнеси менен кызыктырат?
19:07
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Как бороться с кражами на предприятии — советы юриста
20:06
43 мин
Ачык кеп
Эски темир көрнөк-жарнактардын ордуна заманбап LED экрандар жайгашат – Бишкекте демонтаждоо иштери кандай жүрүүдө?
23:05
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

ИИМ: кордук көргөн үй-бүлө мүчөлөрү укук коргоочуларга кайрылбайт

Жазылуу
Милицияга кайрылган үй-бүлө мүчөлөрү ур-токмокко алынып, психологиялык жана сексуалдык жактан жапа чеккен.

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Өткөн жылы Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган беш миңден ашуун үй-бүлө мүчөсү милицияга кайрылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

ИИМ үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук, анын ичинде аялдардын запкы чегиши актуалдуу маселе экенин эске салып, бирок бул багытта иш алып барууда көп кыйынчылыктар бар экенин маалымдады.

"Кордук көргөн жабырлануучулар укук коргоочуларга расмий кайрылбай, окуянын күбөлөрү да көз жумуп койгону тынчсыздандырат. Былтыр үй-бүлөлүк зомбулук боюнча беш миңден ашуун факты катталып, 580 сотко чейинки өндүрүш ачылды. Анын ичинде ур-токмокко алуу, психологиялык жана сексуалдык зомбулук көрсөтүү боюнча кайрылгандар бар. Ошондой эле беш миңден ашуун үй-бүлө мүчөсүнө коргоо ордери (жаза тууралуу эскертме кагазы) берилди", — деп айтылат билдирүүдө.

Горящие спички - Sputnik Кыргызстан
Каракол: чогуу жашаган аялын өрттөөгө шектелген эркек кармалды
Мындан сырткары, ИИМ былтыр күчүнө кирген жаңы кодекстердин айрым беренелеринде үй-бүлөлүк зомбулук көрсөткөндөргө карата жаза күчөтүлгөнүн эскертти.

"Эгер мурда үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка карата административдик жаза каралса, 2019-жылдын 1-январынан баштап киргизилген жаңы кодекстердин негизинде кылмыш жоопкерчилиги каралган жана Жоруктар кодексине киргизилген", — дешти ИИМден.

Эске салсак, жаңы жылда Баткен шаарында 31 жаштагы келин ур-токмоктон каза тапкан. Кийинчерээк Кочкордо дагы 37 жаштагы келиндин киши колдуу болгону ачыкталды. Эки учурда тең шектүү катары келиндердин жолдоштору кармалган. Ал эми 9-январь күнү Каракол шаарында жарандык никедеги жубайына бензин чачып өрттөп жиберген деген шек менен күйөөсү колго түштү.

Жаңылыктар түрмөгү
0