Жыйында Евразиялык экономикалык комиссия тарабынан сунушталган ЕАЭБдин 2025-жылга чейинки өнүктүрүү боюнча дымактуу программасы көңүл чордонунда болду. Онлайн-конференциянын жүрүшүнө Евразиялык аналитикалык клубдун жетекчиси Никита Мендкович көз салган.
План кызуу талаш-тартышка карабай, биримдикке мүчөлөр тарабынан жалпысынан жактырылды. Аны толук иштеп чыгып, оңдолгон вариантын быйыл октябрь-ноябрь айларынын аралыгында бекитүү, аны менен катар айрым зарыл маселелерди мамлекет башчыларынын эки тараптуу консультацияларынын жүрүшүндө макулдашуу тууралуу да чечим кабыл алынды.
Стратегиянын сунушталган долбоору экономикалык кызматташтыкты тездетүүчү 330 ар кандай чара жана механизмди камтыйт. ЕАЭБдин бардык аймагында евразиялык компаниялардын ишин жана өз ара инвестициялоону жеңилдетүү үчүн өлкөлөрдүн айрым юридикалык ченемдерин шайкеш келтирүү сунушталган. Ошондой эле экономиканы санариптештирүү жана мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө да кеп козголду. Бул товар жана каржы кыймылын өтө жөнөкөйлөштүрөт.
Бирок коронавирус жана ага байланышкан каатчылык күн тартибине жагымсыз түзөтүүлөрдү киргизип отурат. Рыноктордун карантиндик обочолонушу жана экономиканын солгундашы өңдүү учурдагы көйгөйлөр менен катар эле узак мөөнөттүү кооптонуулар да жок эмес. Дүйнөнүн булуң-бурчунда курчуп бараткан көйгөйлөр стагнация (экономикалык өсүштүн жоктугу) же ал түгүл 2020-жыл бою рыноктун төмөндөшү өңдүү коркунуч туудурат. Кырдаал ушунчалык тез жана олуттуу түрдө алмашууда. ЕАЭБ өлкөлөрү жаңы жаралган көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун издөөгө аргасыз.
Атап айтканда, Казакстан товарларды жалпы санариптик маркировкалоону киргизүүнү кийинкиге калтыра турууну өтүндү. Анткени ушул чактагы окуялар өлкө экономикасына катуу сокку урган. Жаңычылдыктарды киргизүү бюджетке жана бизнеске өтө күч келтириши мүмкүн.
Белоруссия жана Армения да экономикалык коркунучтарга тушуккандыктан, бирдиктүү газ рыногуна өтүүнү тездетүүнү сунушташты. Энергоресурстарды импорттоочу катары аталган өлкөлөрдүн экономикалык абалын бул жакшыртууга тийиш. Бирок Россиянын президенти Владимир Путиндин экономикалык интеграциянын азыркы деңгээлинде мындай кадамдын мүмкүн эместигин белгилеген пикиринен кийин бул маселени жылдырып туруу боюнча чечим кабыл алынды.
ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн министрлеринин жолугушуусунун күн тартиби да өзгөрдү. Алар адатта пикир келишпестиктерди ыкчам чечүүгө мүмкүндүк берчү. Бирок ушул тапта күн тартибинде толугу менен антикризистик шашылыш чаралар камтылат.
Атап айтканда, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Евразиялык экономикалык комиссиянын ыйгарым укуктарын кеңейтүүгө тиешелүү көптөгөн сунуштардын ишке ашырылышы ага түшүнүксүз экенин билдирди.
"Биримдикке мүчө мамлекеттердин үчүнчү өлкөлөр менен соода боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөрүнө катышуу укугун комиссияга берүү кошумча изилдөөнү талап кылат... Иш жүзүндө кандай болорун элестетүү кыйын", — деп белгилейт Казакстан президенти.
Токаев Евразиялык экономикалык комиссиянын өкүлдөрү Стратегиянын бардык пунктулары катышуучулар тарабынан макулдашылганы туурасында жарыялоого шашылганына кейиди. Анын пикиринде, иш дагы бүтө элек. Азыркы калыбында көптөгөн сунуштар өтө радикалдуу көрүнүүдө, ал тургай коомдо туура эмес кабылданышы ыктымал.
Жалпысынан жыйындын жыйынтыгын чыгарсак, Евразиялык экономикалык комиссия жаңы масштабдык стратегияны кабыл алуу аркылуу интеграциялык процесстерди тездете албаганын айтсак болот. Жарым-жартылай ал өтө радикалдуу деп бааланды. Мындан тышкары, бир катар сунуштарды жүзөгө ашыруу үчүн алардын жол-жобосун иштеп чыгуу зарыл экени айтылды. Аларды ишке ашыруу күзгүгө пландалган.
Бирок коркунучтарга карабай программаны кабыл алуунун тегерегиндеги талкуу көз караштары бирдей болбосо да, биримдикке мүчө өлкөлөр күн тартибинде иш алып барып, орток пикирге келүүгө жөндөмдүү экенин көрсөттү.
Балким, пандемиянын оор шарттары жана ага байланышкан экономикалык каатчылык айрым стратегиялык пландарды түзөтүүнү талап кылышы ыктымал. Бирок жаралган көйгөйлөрдү жеңүүдө евразиялык блок биргелешкен ишти ишенимдүү жүргүзүп жатканына күбөбүз.