00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
06:00
3 мин
Жаңылыктар
07:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
2 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
7 мин
Тема дня
Без патентов: какие изменения ждут предпринимателей в торговле?
18:08
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Стимул
Ат жалында казан аскан компаниялар элди эмнеси менен кызыктырат?
19:07
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Особый акцент
Как бороться с кражами на предприятии — советы юриста
20:06
43 мин
Ачык кеп
Эски темир көрнөк-жарнактардын ордуна заманбап LED экрандар жайгашат – Бишкекте демонтаждоо иштери кандай жүрүүдө?
23:05
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

"Бет тырмаган тактика". РФ жана АКШ аскерлеринин Сириядагы чыры

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүРоссия и Турция провели совместное патрулирование в Сирии
Россия и Турция провели совместное патрулирование в Сирии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя Сириянын түндүк-чыгышында болгон. Америка Кошмо Штаттары буга Россияны айыптап жатса, Москва өз жүйөсүн келтирүүдө.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Ак үй "Россия Сирияда эки өлкө аскерлеринин кокусунан болчу кагылышуусун алдын алуу протоколун бузду" деп кине коюп жатат. Sputnik радиосунун эфиринде аскерий баяндамачы, "Россия офицерлери" эксперттик кеңешинин мүчөсү Александр Перенжиев кырдаалга баа берген.

Эскерте кетсек, окуя 26-август күнү Сириянын Дерик аймагында болгон. Видеодон эки мамлекеттин аскерий техникалары жүрүп баратып кагышканын көрүүгө болот.

Америка тараптын билдирүүсү боюнча, Сириядагы россиялык аскерлер жол кырсыгын шарттап, натыйжада АКШлык жоокерлер жабыркаган.

"РФтин автоунаасы Сириянын түндүк-чыгышында коалициянын (АКШ башында турган — ред.) сооттолгон техникасына урунган. Мындан машинанын ичиндеги экипаждын мүчөлөрү жапа чекти", — деп айтылат Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Жон Уллиоттун билдирүүсүндө.

Анын айтымында, чырдын чыгып кетишине жол бербөө үчүн америкалык автомобиль окуя болгон жерден кетип калган.

Сириядагы кыймыл. Ким элдин каарына калып куугунтуктала баштады?

Вашингтон "мындай кооптуу жана кесипкөйлүккө жатпаган аракеттер" чыр-чатакты алдын алуу боюнча россиялык-америкалык макулдашууга каршы келерин жар салды. Уллиот АКШ абалдын курчушун каалабай турганын, бирок "өзүн коргоого укугу бар" экенин кошумчалаган.

Россия коюлган айыптардын баары четке кагууда. Генералдык штабдын жетекчиси Валерий Герасимовдун айтымында, эл аралык коалиция россиялык колоннанын өтөрүн билип, алдын ала кабардар болгон. Буга карабастан АКШ аскердик күчтөрү россиялык патрулдун жолун бөгөөгө аракет кылган.

"Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн аскер полициясы жооп иретинде чырды болтурбоо жана коюлган тапшырманы аткаруу боюнча бардык тийиштүү чараларды көргөн", — дешти Коргоо министрлигинен.

Sputnik радиосунун эфиринде Плеханов атындагы Россия экономикалык университетинин саясат таануу жана социология кафедрасынын доценти, "Россия офицерлери" эксперттик кеңешинин мүчөсү, аскерий баяндамачы Александр Перенжиев АКШ атаандашын жасабаган нерсеге күнөөлөй берүүгө маш болуп бүткөнүн белгиледи.

Батыш Россиянын Сириядагы аскердик ийгиликтерин биринчи жолу моюнга алды

"Америка негизинен бет тырмаар тактиканы жакшы өздөштүргөн: кайсы бир макулдашууну же келишимдин эрежелерин бузат да, ошол замат Россияны күнөөлөп чыга калат. Бул жерде кол салуу — эң мыкты коргонуу деген принцип иштейт. Биздин улам актана беришибизди каалашат. Орустар актана берсин, биз андан ары макулдашууларды буза беребиз, орустар күнөөлүү болуп калат да, биз суудан кургак чыгабыз дешет. Бул өтө куу, митаам тактика. Мындайды ашкерелеп, бетин ачып туруу керек", — деди Перенжиев.

Эскперт дал ушинтип Россияны айыптаган жагдайларда АКШ өзү күнөөлүү болуп чыгарын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0