00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Почему подкасты побеждают интервью: разговор о новых медиа и молодых журналистах
08:04
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
100 жылдык тарыхы бар кыргыз милициясы кадр даярдоодо эмнелерге көңүл бурат?
09:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Учиться никогда не поздно: как дополнительное образование меняет карьеры?
10:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Быйыл аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 150 миң сомдон кайтарымсыз жардам берилет
11:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Звёзды зовут: как начать наблюдать за небом и не пропустить главное
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
25 студент тапшырса бирөө гана аягына чейин окуп нейрохирург болуп чыгат. Кесиптин оош-кыйышы тууралуу маек
13:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Прародина кыргызов: почему историки до сих пор не пришли к единому мнению?
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө турак жайлардын 22 пайызы гана камсыздандырылган – Эмне үчүн үйдү камсыздандыруу зарыл жана аны кантип аткаруу керек?
15:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Остеохондроз у молодых: как гаджеты и сидячий образ жизни портят спину
16:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Манас аэропортун салдырып, кыргыз уяң жүнүн союзда брендге айланткан Сабирдин Турсунов
17:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Бишкек в едином стиле: как должны выглядеть фасады столицы
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Легендарлуу футболчу Азамат Байматовдун спорттогу жолу — лидерлик, машыктыруучулук, максаттар
19:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
ИИ и финтех в одном флаконе: как технологии меняют мировую экономику
20:06
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө турак жайлардын 22 пайызы гана камсыздандырылган – Эмне үчүн үйдү камсыздандыруу зарыл жана аны кантип аткаруу керек?
21:04
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

ДССУ коронавирус пандемиясынын парадоксу жөнүндө айтты

© Sputnik / Мигель Кандела / Медиабанкка өтүүМедициналык маска кийген метро жүргүнчүлөрү. Архив
Медициналык маска кийген метро жүргүнчүлөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер COVID-19га каршы вакциналар пандемияга чекит коёт деп үмүт бергени менен илдеттин жаңы, андан да жугуштуу түрлөрүнүн пайда болушу тынчсыздандырганын белгилеп жатышат.
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа аймактык бюросунун директору Ханс Клюге коронавируска каршы вакциналар пайда болгондон кийин дүйнөдө кызык кырдаал жаралгандыгын белгиледи. Бул тууралуу ал брифингде сүйлөгөнүн РИА Новости жазды.
Клюгенин айтымында, COVID-19га каршы чыгарылган вакциналар пандемияга чекит коёт деп үмүт берет. Бирок коронавирустун жаңы, андан да жугуштуу түрлөрүнүн пайда болушу тынчсыздандырууда. Мындан тышкары, вирусту жуктуруп алгандардын көбөйүшү калктын калың катмарын эмдөөдөн өткөрүү зарылчылыгын жаратат.
"Коомчулук вакциналардын жардамы менен эпидемия тез арада бүтөт деп үмүттөнүп жатат. Ошол эле учурда аларды жаңы коркунучка байланыштуу чектөө чараларын колдонууга үндөп жатышат. Бул адамдар арасында чыңалууну, тынчсызданууну, чарчоону жана башаламандыкты жаратууда. Бул азыркы шартта түшүнүктүү", — деген Клюге.
Ал, ошондой эле, жаңы мутация 49 мамлекетте табылганын белгиледи. Европанын 33 өлкөсүндө коронавирустун "британиялык" штаммы, 16 мамлекетте "түштүк африкалык" варианты аныкталган.
Киши офтальмологдун кабинетинде. Архив - Sputnik Кыргызстан
Соо жер калтырбайт окшойт. Адис COVID-19 көздү да жабыркатарын айтты
Коронавирустун "британиялык" штаммы алгачкы жолу декабрдын ортосунда табылган. Бул ондогон өлкөлөрдү Улуу Британиядан саякаттап келгендерге чектөө киргизүүгө аргасыз кылган. Өткөн аптада Англиянын премьер-министри Борис Джонсон жаңы мутация COVID-19га кабылган бейтаптардын өлүмүнүн жогорку көрсөткүчү менен байланыштуу болушу мүмкүн деп белгиледи.
SARS-CoV-2 коронавирусунун 501.V2 штаммы октябрда Түштүк Африкада пайда болгон. ECDC ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун маалыматына ылайык, вирустун бул түрү учурда Түштүк Африкада жайылып жатат. Бул штамм да "британиялык" сыяктуу жугуштуу экенин алдын ала изилдөөлөр көрсөткөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0