https://sputnik.kg/20210213/bishkek-sotuna-kirip-eshikterin-k-ch-menen-achyp-zhurgon-kishinin-videosu-1051442691.html
Шашпайт го. Бишкек сотун жойлоп, эшиктерин күч менен ачып жүргөн кишинин видеосу
Шашпайт го. Бишкек сотун жойлоп, эшиктерин күч менен ачып жүргөн кишинин видеосу
Sputnik Кыргызстан
Борбордогу криминалдык милициянын кызматкерлери имараттарга кирип, уурулук кылган деп шектелген адамды кармады. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан... 13.02.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-02-13T12:55+0600
2021-02-13T12:55+0600
2021-12-16T13:58+0600
жаңылыктар
кыргызстан
окуялар
видео
мультимедиа
сот
бишкек
уурулук
эшик
https://sputnik.kg/img/07e5/02/0d/1051442704_0:68:1153:720_1920x0_80_0_0_3cdfb70b32b9c675b323c5256436f77b.jpg
Шектүүнүн видеосу тарап, анда кызыл кепкачан киши шашпай имаратты кыдырып, ачык кабинетке кирип, бек турган эшиктердин кулпусун атайын жабдуу менен күч колдонуп ачып жаткандыгын көрүүгө болот. Кадрга анын анда-мында эки жакты абай салып карап коюп жаткандыгы да түшүп калган.Биринчи май райондук милициясына шаардык соттон 9-февралдан 10уна караган түнү белгисиз бирөөлөр Бишкек шаардык сотунун имаратындагы судьялардын бир нече кабинеттеринин эшигин ачып киргендигин айтып арыз менен кайрылышкан. Алар 2, 3 жана 4-кабатты "жойлоп", андан соң из жашыргандыгы айтылган.Аталган иш Кылмыш менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 200-беренесинин ("Уурулук") негизинде иликтөө иштери башталган.Маалыматта учурда келтирилген чыгымдын көлөмү такталып жатканы айтылган.Милиция издөө иштерин жүргүзүп, Ош шаарынан 30 жаштагы шектүүнү кармап, тергөөгө алып келген. Учурда ал Бишкек шаарындагы убактылуу кармоо жайында отурат.Милиция ал жарандын башка кылмыштарга да тиешеси бары-жогу такталып жаткандыгын билдирди.
https://sputnik.kg/20210127/batken-bazhychyny-karmagan-video-1051244361.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/02/0d/1051442704_0:0:1147:720_1920x0_80_0_0_842ce04700dc899ecf4fbc6d46140c4b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, окуялар, видео, мультимедиа, сот, бишкек, уурулук, эшик
жаңылыктар, кыргызстан, окуялар, видео, мультимедиа, сот, бишкек, уурулук, эшик
Шашпайт го. Бишкек сотун жойлоп, эшиктерин күч менен ачып жүргөн кишинин видеосу
12:55 13.02.2021 (Жаңыртылды: 13:58 16.12.2021) Борбордогу криминалдык милициянын кызматкерлери имараттарга кирип, уурулук кылган деп шектелген адамды кармады. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан кабарлашты.
Шектүүнүн видеосу тарап, анда кызыл кепкачан киши шашпай имаратты кыдырып, ачык кабинетке кирип, бек турган эшиктердин кулпусун атайын жабдуу менен күч колдонуп ачып жаткандыгын көрүүгө болот. Кадрга анын анда-мында эки жакты абай салып карап коюп жаткандыгы да түшүп калган.
Биринчи май райондук милициясына шаардык соттон 9-февралдан 10уна караган түнү белгисиз бирөөлөр Бишкек шаардык сотунун имаратындагы судьялардын бир нече кабинеттеринин эшигин ачып киргендигин айтып арыз менен кайрылышкан. Алар 2, 3 жана 4-кабатты "жойлоп", андан соң из жашыргандыгы айтылган.
Аталган иш Кылмыш менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 200-беренесинин ("Уурулук") негизинде иликтөө иштери башталган.
Маалыматта учурда келтирилген чыгымдын көлөмү такталып жатканы айтылган.
Милиция издөө иштерин жүргүзүп, Ош шаарынан 30 жаштагы шектүүнү кармап, тергөөгө алып келген. Учурда ал Бишкек шаарындагы убактылуу кармоо жайында отурат.
Милиция ал жарандын башка кылмыштарга да тиешеси бары-жогу такталып жаткандыгын билдирди.