00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
“Чоочун киши” сериалынын 2-сезону көрүүчүлөрдү эмнеси менен таң калдырат?
15:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Холден Колфилд: герой нашего времени или бунтарь без причины?
18:06
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Казакбаев Жапаровдун кайрылуусун жеткирүү үчүн атайын Азербайжанга барды

© Фото / пресс-служба МИД КРКыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Азербайжанга болгон расмий сапарынын алкагында кесиптеши Джейхун Байрамов менен жолукту
Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Азербайжанга болгон расмий сапарынын алкагында кесиптеши Джейхун Байрамов менен жолукту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.07.2021
Жазылуу
Руслан Казакбаев кесиптешине Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Азербайжандын мамлекет башчысы Ильхам Алиевге жолдогон расмий кайрылуусун жеткириш үчүн келгенин айткан.
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Бүгүн, 2-июлда, Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Азербайжанга болгон расмий сапарынын алкагында кесиптеши Джейхун Байрамов менен жолукту. Бул тууралуу ТИМден кабарлашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлге көтөрүү зарылдыгы белгиленген. Ошондой эле Руслан Казакбаев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Азербайжандын мамлекет башчысы Ильхам Алиевге жолдогон расмий кайрылуусун жеткириш үчүн келгенин айткан.
Казакбаев Ильхам Алиевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарын уюштуруу эки тараптуу мамилелердеги негизги окуя болуп каларын белгилеп, Жапаров эки тараптуу мамлекеттер аралык кызматташууга жаңы маани берген эки демилге менен чыккандыгын маалымдаган. Алар:
  • стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди түзүү жана өлкө башчыларынын деңгээлинде мамлекеттер аралык кеңеш түзүү;
  • жакынкы келечекте "Борбордук Азия — Түштүк Кавказ" региондор аралык платформасын түзүү (5 + 3).
Руслан Казакбаев бул демилгелерди ишке ашыруу жалпы потенциалды чыңдап, заманбап чакырыктарды жана коркунучтарды биргелешип жеңүүгө мүмкүндүк берет деген пикирин билдирген.
Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөсү Кайрат Осмоналиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.06.2021
БШК мүчөсү Кайрат Осмоналиев Азербайжанга элчи болуп бекиди
Тараптар ошондой эле биргелешкен инвестициялык фондду түзүү, түз авиакаттамдарды жандандыруу, маданий-гуманитардык кызматташтык, анын ичинде студенттер менен алмашуу маселелерин талкуулашкан.
Мындан тышкары, министрлердин орун басарларынын деңгээлинде министрлер аралык саясий консультацияларды уюштуруу жана укуктук базаны инвентаризациялоо маселеси көтөрүлгөн.
Тараптар COVID-19 пандемиясынан улам болгон чектөөлөргө карабастан, 2021-жылдын алгачкы 5 айында өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 67 пайызга өскөнүн канааттануу менен белгилешкен.
 
Жаңылыктар түрмөгү
0