БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. "Кылмыштуу казынаны" толтуруу үчүн жасалма доллар саткан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
© Фото / пресс-служба ГКНБ КРНатыйжада 24-июлда УКМК кызматкерлери тарабынан С.С., М.А. жана М.У. аттуу кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалган. Үйлөрүн тинткенде 6 800 доллар өлчөмүндө жасалма акча чыккан
![“Казынасын” толтуруу үчүн жасалма доллар саткан кылмыштуу топ кармалды. Сүрөт “Казынасын” толтуруу үчүн жасалма доллар саткан кылмыштуу топ кармалды. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.07.2021](https://sputnik.kg/img/07e5/07/1a/1053336723_0:0:830:1048_1920x0_80_0_0_f8c1eeb8c59eb103f96d312ee78294de.jpg)
Натыйжада 24-июлда УКМК кызматкерлери тарабынан С.С., М.А. жана М.У. аттуу кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалган. Үйлөрүн тинткенде 6 800 доллар өлчөмүндө жасалма акча чыккан
© Фото / пресс-служба ГКНБ КР
Маалыматка ылайык, ыкчам иш-чаралардын алкагында өзгөчө ири өлчөмдө жасалма акча каражаттарын сатууну пландаштырып, кийинчерээк “кылмыштуу казынасын” толуктоого аракет кылган уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар адамдар аныкталган.
Натыйжада 24-июлда УКМК кызматкерлери тарабынан С.С., М.А. жана М.У. аттуу кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалган. Үйлөрүн тинткенде 6 800 доллар өлчөмүндө жасалма акча чыккан.
Кармалгандардын бири мурда Кылмыш-жаза кодексинин 202-беренеси (“Каракчылык”) боюнча соттолуп, № 26 жатак-абагында жазасын өтөгөн.
Үчөө тең УКМКнын тергөө абагына киргизилген.