00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
7 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
“Чоочун киши” сериалынын 2-сезону көрүүчүлөрдү эмнеси менен таң калдырат?
15:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Холден Колфилд: герой нашего времени или бунтарь без причины?
18:06
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Өкмөт ишкер, инвесторлорду колдоо боюнча иш-чаралардын планын бекитти

© Sputnik / Александр Гальперин / Медиабанкка өтүүАткаминерлер. Архив
Аткаминерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.08.2021
Жазылуу
Документ чарба субъектилеринин экономикалык ишине мамлекеттин негизсиз кийлигишүүсүн жокко чыгаруу максатында кабыл алынган.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Президенттин "Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы бекитилди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.

"Документ менчикти коргоонун конституциялык кепилдиктерин камсыз кылуу, туруктуу экономикалык өсүштү стимулдаштыруу, чарба субъектилердин экономикалык ишине мамлекеттин негизсиз кийлигишүүсүн жокко чыгаруу, ошондой эле инвесторлордун ишенимин жогорулатуу максатында кабыл алынды", — деп жазылат билдирүүдө.

Иш-чаралар планы өзүнө 16 милдетти аткарууну камтыйт. Алар:

  • инвестициялык объектилердин ишинин жана инвесторлордун мүлкүнүн коопсуздугун камсыз кылуу;
  • салыктык башкаруунун жол-жобосун жөнөкөйлөтүү;
  • экономикалык кылмыштарды жана жоруктарды декриминалдаштыруу боюнча мыйзам долбоорлорунун пакетин, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн бөлүгүн аутсорсингге өткөрүп берүү методикасын иштеп чыгуу;
  • укук коргоо, фискалдык жана контролдоочу органдардын жана алардын кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугун баалоонун жаңы механизмин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
  • лицензияларды жана уруксат берүүчү документтерди берүү боюнча бирдиктүү электрондук портал түзүү, лицензияларды жана уруксат берүүнүн автоматташтырылган системасын камсыз кылуу.
Жаңылыктар түрмөгү
0