https://sputnik.kg/20220519/matvienko-finlyandiya-menen-shvetsiyanyn-natogo-kirishi-boyuncha-berlchu-zhooptu-aytty-1064522418.html
Матвиенко Финляндия менен Швециянын НАТОго киришине берилчү жоопту айтты
Матвиенко Финляндия менен Швециянын НАТОго киришине берилчү жоопту айтты
Sputnik Кыргызстан
Федерация Кеңешинин спикери Россиянын коопсуздугу сөзсүз камсыздалары турган иш деген пикирин билдирди. 19.05.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-05-19T13:28+0600
2022-05-19T13:28+0600
2022-05-19T13:29+0600
дүйнөдө
нато
финляндия
швеция
россия
валентина матвиенко
https://sputnik.kg/img/07e6/05/13/1064520523_0:113:2771:1671_1920x0_80_0_0_93902553e140bc811df67762ee20f888.jpg
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Финляндия менен Швециянын НАТОго киришине Россиянын аскердик реакциясы эки өлкөнүн аймагына жайгаштырылган куралдарга байланыштуу болот. Бул туурасында Федерация Кеңешинин спикери Валентина Матвиенконын айткандыгын РИА Новости кабарлады.Эске салсак, жогорудагы эки өлкө Түндүк Атлантика альянсына кирүү үчүн анын башкы катчысы Йенс Столтенбергге арыздарын тапшырган.Россия НАТОнун тирешүүнү мелжеп келгендигин бир нече ирет айткан. РФ президентинин маалымат катчысы альянстын мындан аркы кеңейиши Европага ишенимдүү деле коопсуздук алып келбестигин, НАТОнун агрессиялуу мүнөздө болорун билдирген.Ал Финляндия менен Швециянын НАТОго киришин Россияга кооптуулук алып келет деп эсептебей тургандыгын айткан.Россия президенти Владимир Путин Финляндия башчысы Саули Ниинистё менен сүйлөшкөндө аталган мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч жаралбагандан кийин аскердик нейтралитеттин салттуу саясатынан баш тартуу ката болуп каларын белгилеген. РФ президенти өлкөнүн тышкы саясий курсунун мындай өзгөрүүсү Россия — Финляндия мамилелерине терс таасирин тийгизиши ыктымал экенин кошумчалаган.
https://sputnik.kg/20220518/turkiya-finlyandiya-shveciya-nato-1064511193.html
финляндия
швеция
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/05/13/1064520523_0:0:2461:1846_1920x0_80_0_0_622f951ad4c2b2d65ea33313df5992b8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, нато, финляндия, швеция, россия, валентина матвиенко
дүйнөдө, нато, финляндия, швеция, россия, валентина матвиенко
Матвиенко Финляндия менен Швециянын НАТОго киришине берилчү жоопту айтты
13:28 19.05.2022 (Жаңыртылды: 13:29 19.05.2022) Федерация Кеңешинин спикери Россиянын коопсуздугу сөзсүз камсыздалары турган иш деген пикирин билдирди.
БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Финляндия менен Швециянын НАТОго киришине Россиянын аскердик реакциясы эки өлкөнүн аймагына жайгаштырылган куралдарга байланыштуу болот. Бул туурасында Федерация Кеңешинин спикери Валентина Матвиенконын айткандыгын
РИА Новости кабарлады.
Эске салсак, жогорудагы эки өлкө Түндүк Атлантика альянсына кирүү үчүн анын башкы катчысы
Йенс Столтенбергге арыздарын тапшырган.
"Ири алдыда Россиянын аскерий жааттан алып карагандагы реакциясы НАТОнун бул мамлекеттердин аймагына куралдардын кандай түрлөрүнүн жайгашуусуна жараша болот. Бирок бир нерсени айта кетейин, Россиянын коопсуздугу сөзсүз камсыздалары турган иш", — деген Матвиенко "Известия" басылмасына берген маегинде.
Россия НАТОнун тирешүүнү мелжеп келгендигин бир нече ирет айткан. РФ президентинин маалымат катчысы альянстын мындан аркы кеңейиши Европага ишенимдүү деле коопсуздук алып келбестигин, НАТОнун агрессиялуу мүнөздө болорун билдирген.
Ал Финляндия менен Швециянын НАТОго киришин Россияга кооптуулук алып келет деп эсептебей тургандыгын айткан.
Россия президенти Владимир Путин Финляндия башчысы Саули Ниинистё менен сүйлөшкөндө аталган мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч жаралбагандан кийин аскердик нейтралитеттин салттуу саясатынан баш тартуу ката болуп каларын белгилеген. РФ президенти өлкөнүн тышкы саясий курсунун мындай өзгөрүүсү Россия — Финляндия мамилелерине терс таасирин
тийгизиши ыктымал экенин кошумчалаган.