Эртең Бишкектин көчөлөрү менен конуштарында суу өчөт
12:36 07.06.2022 (Жаңыртылды: 12:37 07.06.2022)
![Суу өчүрүү. Иллюстративдик сүрөт Суу өчүрүү. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2022](https://sputnik.kg/img/103402/67/1034026723_0:0:3077:1731_1920x0_80_0_0_aa5d28cb9466e0d5ded01969dcd77695.jpg)
© Sputnik / Евгений Одиноков
/ Жазылуу
Мэрия түзүлгөн ыңгайсыздык үчүн шаардыктардан кечирим сурап, алдын ала суу камдап алууга чакырат.
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Эртең, 9-июнда, Бишкектин кээ бир жерлеринде саат 9:00дөн 23:00гө чейин таза суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Бул күнү "Бах" суу өткөргүчүндө оңдоо жана калыбына келтирүү иштери аткарылат.
Суу убактылуу берилбей турган көчөлөр:
Тыналиев, Масалиев, Садырбаев көчөсүнүн Абдрахмановдон Арча-Бешик конушунун батыш чегине чейинки бөлүгү, Айни, Осмонов, Циолковский, Муромская, Гагарин, Псковская-Тыналиев, Сары-Өзөн, Салкын-Төр, Төмөнкү-Орок, Ала-Арча, Арча-Бешик, Плодовое, Калтар конуштары, 105-контур жана Селекция айылы.
Мэрия түзүлгөн ыңгайсыздык үчүн шаардыктардан кечирим сурап, алдын ала суу камдап алууга чакырат.