https://sputnik.kg/20220615/erulan-kokulov-gulzat-mamytbek-aldamchy-1065268899.html
Элди дагы алдап жүрөт. Эрулан Көкүлов Гүлзат Мамытбектин бошотулушун сындады
Элди дагы алдап жүрөт. Эрулан Көкүлов Гүлзат Мамытбектин бошотулушун сындады
Sputnik Кыргызстан
Эл өкүлү Гүлзат Мамытбектин алдамчылык иши боюнча эки фактыны айтты. 15.06.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-06-15T11:35+0600
2022-06-15T11:35+0600
2022-06-15T11:37+0600
кыргызстан
саясат
эрулан көкүлов
гүлзат мамытбек
алдамчылык
видео
https://sputnik.kg/img/07e6/01/0a/1061120279_449:453:3071:1928_1920x0_80_0_0_6247e12eb7df987225dde8c829a3f2dd.jpg
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүлов жакында эле абактан чыккан Гүлзат Мамытбекти аферист деп атап, андан сак болуу керектигин айтты.Эл өкүлү парламенттин трибунасынан президенттин Жогорку Кеңешиндеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылган.Ошондой эле ал баары эле элди алдап жатканын, турак жай кооперативдерин ачкандар адамдарды сызга отургузуп ызы-чуу болуп жатканын белгиледи."Бул качан токтойт? Азыр милицияны жамандайын десем мени жаман көрүшөт. Андан көрө ошондой иштерди жаап койгон милиционерлерди жаман көргүлө. Гүлзат Мамытбек эмне себептен бошотулганы тууралуу маалымат берип койгулачы. Ушул аферисттерди тыйсак жакшы болот эле. Канчага чейин жөнөкөй адамдар алданып эле жүрө беришет", — деди Көкүлов.Белгилей кетсек, Гүлзат Мамытбек деп таанылган блогер элди 110 миң долларга алдап кеткен деп былтыр октябрь айында кармалган. Сот аны үч жылга пробациялык көзөмөлгө алуу чечимин чыгарган. Мындан улам быйыл 25-майда абактан бошотулган.
https://sputnik.kg/20220613/ihsan-kooperativi-akchasyn-ala-albagandar-1065222599.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/01/0a/1061120279_670:321:2973:2048_1920x0_80_0_0_a572244d91186c330414644ddd67bfc0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, саясат, эрулан көкүлов, гүлзат мамытбек, алдамчылык, видео
кыргызстан, саясат, эрулан көкүлов, гүлзат мамытбек, алдамчылык, видео
Элди дагы алдап жүрөт. Эрулан Көкүлов Гүлзат Мамытбектин бошотулушун сындады
11:35 15.06.2022 (Жаңыртылды: 11:37 15.06.2022) Эл өкүлү Гүлзат Мамытбектин алдамчылык иши боюнча эки фактыны айтты.
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты
Эрулан Көкүлов жакында эле абактан чыккан Гүлзат Мамытбекти аферист деп атап, андан сак болуу керектигин айтты.
Эл өкүлү парламенттин трибунасынан президенттин Жогорку Кеңешиндеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылган.
"Гүлзат Мамытбек элди алдап кеткен кыз. Кайра баштаптыр, ар кайсы жарнамаларды берип жүрөт. Мен журналисттик иликтөө кылгам, 2020-жылы жүрөккө операция боло турган эки жашар баланын 5 миң долларын көбөйтүп берем деп из жашырган. Эки пенсионердин батирге чогултуп жүргөн акчасын алып Москвага качып кеткен. Мына соттон бошотулуп кайра концерт коюп, бийлеп, ойноп жүрөт. Кыргызстан аферисттердин өлкөсү болуп калдыбы?" — деп суроо салды депутат.
Ошондой эле ал баары эле элди алдап жатканын, турак жай кооперативдерин ачкандар адамдарды сызга отургузуп ызы-чуу болуп жатканын белгиледи.
"Бул качан токтойт? Азыр милицияны жамандайын десем мени жаман көрүшөт. Андан көрө ошондой иштерди жаап койгон милиционерлерди жаман көргүлө. Гүлзат Мамытбек эмне себептен бошотулганы тууралуу маалымат берип койгулачы. Ушул аферисттерди тыйсак жакшы болот эле. Канчага чейин жөнөкөй адамдар алданып эле жүрө беришет", — деди Көкүлов.
Белгилей кетсек, Гүлзат Мамытбек деп таанылган блогер элди 110 миң долларга алдап кеткен деп былтыр
октябрь айында кармалган. Сот аны үч жылга пробациялык көзөмөлгө алуу
чечимин чыгарган. Мындан улам быйыл 25-майда абактан бошотулган.