https://sputnik.kg/20221104/ombudsmendin-koomduk-zhardamchylary-taanylat-1069655844.html
Абдрахматова: коомдук жардамчыларыбыз эми Россияда да таанылат
Абдрахматова: коомдук жардамчыларыбыз эми Россияда да таанылат
Sputnik Кыргызстан
Кыргыз Республикасынын акыйкатчысы Атыр Абдрахматова Акыйкатчы институтуна мыйзамдык негизде толук көз карандысыздык зарылдыгын айтты. 04.11.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-11-04T11:21+0600
2022-11-04T11:21+0600
2022-11-04T11:21+0600
радио
акыйкатчы
укук
россия
кыргызстан
атыр абдрахматова
https://sputnik.kg/img/07e6/07/1b/1066360488_0:0:3067:1725_1920x0_80_0_0_7c188de0468d69f2fb053b53f7e37734.jpg
Абдрахматова: коомдук жардамчыларыбыз эми Россияда да таанылат
Sputnik Кыргызстан
Абдрахматова: коомдук жардамчыларыбыз эми Россияда да таанылат
Быйыл Акыйкатчы институтунун түзүлгөнүнө 20 жыл толду. Мунун алкагында башка мамлекеттердин омбудсмендерин, илимпоздорду чакырып конференция өткөрдүк. Ага Россиянын федералдык омбудсмени, аймактардагы акыйкатчылары, Казакстан, Өзбекстан, Молдова жана башка өлкөлөрдүн омбудсмендери катышты. Бул тууралуу Атыр Абдрахматова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, Кыргызстандын Акыйкатчы институту адам укуктарын коргоодо дүйнөлүк стандарттарга жооп бергени менен көйгөйлөр жок эмес.Акыйкатчы россиялык кесиптеши кыргызстандык жарандардын мыйзам бузган учурлары көп катталарын айтканын кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/07/1b/1066360488_338:0:3067:2047_1920x0_80_0_0_f53b5e995006aba454b6be6f96524383.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
акыйкатчы, укук, россия, кыргызстан, атыр абдрахматова, аудио
акыйкатчы, укук, россия, кыргызстан, атыр абдрахматова, аудио
Абдрахматова: коомдук жардамчыларыбыз эми Россияда да таанылат
Кыргыз Республикасынын акыйкатчысы Атыр Абдрахматова Акыйкатчы институтуна мыйзамдык негизде толук көз карандысыздык зарылдыгын айтты.
Быйыл Акыйкатчы институтунун түзүлгөнүнө 20 жыл толду. Мунун алкагында башка мамлекеттердин омбудсмендерин, илимпоздорду чакырып конференция өткөрдүк. Ага Россиянын федералдык омбудсмени, аймактардагы акыйкатчылары, Казакстан, Өзбекстан, Молдова жана башка өлкөлөрдүн омбудсмендери катышты. Бул тууралуу Атыр Абдрахматова
Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстандын Акыйкатчы институту адам укуктарын коргоодо дүйнөлүк стандарттарга жооп бергени менен көйгөйлөр жок эмес.
"20 жыл ичинде адам укуктарын коргоодо дүйнөлүк аренага тааныла алды десек болот. Бирок ошентсе да көйгөйлөр жок эмес. Мисалы, биз парламенттик орган болуп эсептелебиз. Ал эми адам укуктарын сактоо жаатында күрөшүүдө бул толук кандуу көз карандысыздыкты бербейт. Ошого карабай 20 жылда көп иштер жасалган. Быйыл да алыскы жана жакынкы мамлекеттердеги акыйкатчыларды укук маселесинде илимий көз караштар, иликтөөлөр болсун деген максатта окумуштууларды чакырып конференция өткөрдүк. Ал жакта бир топ иштер да аткарылды. Маселен, Россия Федерациясынын омбудсмени менен мурда болгон меморандумдарга оңдоп-түзөөлөр киргизилди. Бизде коомдук башталыштагы жардамчыларыбыз бар. Алар негизинен Россиядагы 1,5 миллиондой кыргызстандык менен иш алып барышат. Эми алар ыктыярчы деп аталып, Россиянын Акыйкатчы институту тарабынан да таанылмай болду. Бул ошол жакта эмгек миграциясында жүргөн кыргызстандыктардын укугун коргоодо абдан маанилүү кадам", — деди Абдрахматова.
Акыйкатчы россиялык кесиптеши кыргызстандык жарандардын мыйзам бузган учурлары көп катталарын айтканын кошумчалады.