https://sputnik.kg/20221119/un-dobush-muzyka-ukpaj-kaluu-zhashtar-korkunuch-1070141578.html
Катуу музыкадан улам бир миллиардга жакын жаштар дүлөй болуп калышы мүмкүн
Катуу музыкадан улам бир миллиардга жакын жаштар дүлөй болуп калышы мүмкүн
Sputnik Кыргызстан
Изилдөөчүлөр жаштар смартфон, кулакчындардан музыка, фильм, видеолордун добуштарын адаттагы децибелден бир топко бийик кылып угушарын аныкташты. 19.11.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-11-19T23:19+0600
2022-11-19T23:19+0600
2022-11-19T23:19+0600
дүйнөдө
угуу
добуш
дүлөй
децибел
https://sputnik.kg/img/07e6/06/08/1065055890_0:753:2048:1905_1920x0_80_0_0_92b2629ede9a6ebd70fb2c980015396c.jpg
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Дүйнөдө 1,35 миллиардга чукул жаштар укпай калуу коркунучунда, себеби алар музыканын же ар кыл фильмдердин, роликтердин үнүн өтө бийик кылып алып угушат. Мындай пикирди окумуштуулар айтканын Medical Xpress басылмасы жазды.Мында кеп 12 жаштан 34 жашка чейинкилер тууралуу болуп жатат. Изилдөөлөр музыканы кулакчын менен саламаттыкка коркунуч алып келе тургандай бийик кылып уккандардын жана музыка өтө катуу коюлган көңүл ачуучу борборго баргандардын 24 пайызын өспүрүмдөр, 48 пайызын жаштар түзөрүн көрсөткөн.Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун байкоосуна ылайык, 430 миллион адам кулагы укпай калгандан жабыркайт.Өзгөчө жаштар смартфондордон, кулакчындардан тынымсыз добуштарды угушкандыктан, концерт, бий аянтчаларына көп барышкандыктан аларда угуу жөндөмүн жоготуу коркунучу көбүрөөк. Жеке түзмөктөрдөн (смартфон, кулакчын) музыка угуп, видео, фильм көргөндөр добушту 105 децибелде коюшат, көңүл ачуучу борборлордо бул 104төн 112 децибелге чейин жетет. Тактап айтканда, ал тик учак учкандагы үнгө барабар. Чоңдор үчүн үндүн нормалдуу децибели 80, балдар үчүн 75. Үндү мындай нормадан ашырып бир аз убакытка да угуу кооптуу экендигин эскертишкен.
https://sputnik.kg/20221119/sporttun-kaysy-turu-uzak-zhashoonun-bulagy-1070123512.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/06/08/1065055890_0:638:2048:2174_1920x0_80_0_0_a59c3465cfc91b0cd2ac5b8980b1bed9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, угуу, добуш, дүлөй, децибел
дүйнөдө, угуу, добуш, дүлөй, децибел
Катуу музыкадан улам бир миллиардга жакын жаштар дүлөй болуп калышы мүмкүн
Изилдөөчүлөр жаштар смартфон, кулакчындардан музыка, фильм, видеолордун добуштарын адаттагы децибелден бир топко бийик кылып угушарын аныкташты.
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Дүйнөдө 1,35 миллиардга чукул жаштар укпай калуу коркунучунда, себеби алар музыканын же ар кыл фильмдердин, роликтердин үнүн өтө бийик кылып алып угушат. Мындай пикирди окумуштуулар айтканын
Medical Xpress басылмасы жазды.
Мында кеп 12 жаштан 34 жашка чейинкилер тууралуу болуп жатат. Изилдөөлөр музыканы кулакчын менен саламаттыкка коркунуч алып келе тургандай бийик кылып уккандардын жана музыка өтө катуу коюлган көңүл ачуучу борборго баргандардын 24 пайызын өспүрүмдөр, 48 пайызын жаштар түзөрүн көрсөткөн.
"Мамлекет, өкмөттөр өнөр жай жана жарандык коом боюнча буга маани бериши керек. Музыканы коопсуз шартта угуу ыкмаларын жайылтуу менен жаштардын укпай калуусунун алдын алууга чоң көңүл буруусу кажет", — дешкен окумуштуулар.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун байкоосуна ылайык, 430 миллион адам кулагы укпай калгандан жабыркайт.
Өзгөчө жаштар смартфондордон, кулакчындардан тынымсыз добуштарды угушкандыктан, концерт, бий аянтчаларына көп барышкандыктан аларда угуу жөндөмүн жоготуу коркунучу көбүрөөк. Жеке түзмөктөрдөн (смартфон, кулакчын) музыка угуп, видео, фильм көргөндөр добушту 105 децибелде коюшат, көңүл ачуучу борборлордо бул 104төн 112 децибелге чейин жетет. Тактап айтканда, ал тик учак учкандагы үнгө барабар. Чоңдор үчүн үндүн нормалдуу децибели 80, балдар үчүн 75. Үндү мындай нормадан ашырып бир аз убакытка да угуу кооптуу экендигин эскертишкен.
19 Жетинин айы 2022, 20:27