https://sputnik.kg/20221202/2023-zhyl-satuudan-salyk-alynat-naktalay-emes-1070601841.html
Жаңы жылдан кийин накталай эмес төлөмгө да сатуудан алынчу салык салынат
Жаңы жылдан кийин накталай эмес төлөмгө да сатуудан алынчу салык салынат
Sputnik Кыргызстан
Учурда соода иши жана өндүрүш чөйрөсүндөгү эсептешүүлөр үчүн бир пайыз, андан башка тармактардан эки пайыздан алынат. 02.12.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-12-02T13:16+0600
2022-12-02T13:16+0600
2022-12-02T13:16+0600
кыргызстан
экономика
салык
https://sputnik.kg/img/07e4/0b/1e/1050614643_0:144:2742:1686_1920x0_80_0_0_cf80d3c15a014fd9cd752162dcbbe2ea.jpg
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. 2023-жылдын 1-январынан тарта накталай эмес төлөмгө да сатуудан алынчу салык салынат. Бул туурасында Салык кызматынын жетекчиси Алтынбек Абдувапов "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы менен "Мекенчил" тобунун жыйынында билдирди.Анын айтымында, жаңы Салык кодексинде кийинки жылдан баштап накталай жана накталай эмес эсептешүү болгонуна карабай сатуудан салык алынары жазылган. Бул норма кошулса киреше салыгынан бир жылда 17 миллиард сом чогулат.Депутат Бакыт Сыдыков мурда ишкерлерге жеңилдик кылуу үчүн аталган норма жокко чыгарылганын белгилеп, "мындай жол менен бизнесмендердин башына салыктарды үйүп саласыңар, азыр бүт дүйнөдө кризис" деп сындады. Мындан улам ал мөөнөтүн бир-эки жылга жылдыра турууну сунуштады.Абдувапов сунушту карап көрүүнү убадалады.Белгилей кетсек, учурда соода иши жана өндүрүш чөйрөсүндөгү эсептешүүлөр үчүн сатуудан алынуучу салыктын ставкасы бир пайыз, андан башка тармактарда эки пайыз деп белгиленген.
https://sputnik.kg/20221129/dordoy-menen-kara-suu-bazary-ozgocho-rezhim-1070494596.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/0b/1e/1050614643_153:0:2590:1828_1920x0_80_0_0_647121ce6487ea16fe03732bb20ad729.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, экономика, салык
кыргызстан, экономика, салык
Жаңы жылдан кийин накталай эмес төлөмгө да сатуудан алынчу салык салынат
Учурда соода иши жана өндүрүш чөйрөсүндөгү эсептешүүлөр үчүн бир пайыз, андан башка тармактардан эки пайыздан алынат.
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. 2023-жылдын 1-январынан тарта накталай эмес төлөмгө да сатуудан алынчу салык салынат. Бул туурасында Салык кызматынын жетекчиси Алтынбек Абдувапов "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы менен "Мекенчил" тобунун жыйынында билдирди.
Анын айтымында, жаңы Салык кодексинде кийинки жылдан баштап накталай жана накталай эмес эсептешүү болгонуна карабай сатуудан салык алынары жазылган. Бул норма кошулса киреше салыгынан бир жылда 17 миллиард сом чогулат.
Депутат Бакыт Сыдыков мурда ишкерлерге жеңилдик кылуу үчүн аталган норма жокко чыгарылганын белгилеп, "мындай жол менен бизнесмендердин башына салыктарды үйүп саласыңар, азыр бүт дүйнөдө кризис" деп сындады. Мындан улам ал мөөнөтүн бир-эки жылга жылдыра турууну сунуштады.
Абдувапов сунушту карап көрүүнү убадалады.
Белгилей кетсек, учурда соода иши жана өндүрүш чөйрөсүндөгү эсептешүүлөр үчүн сатуудан алынуучу салыктын ставкасы бир пайыз, андан башка тармактарда эки пайыз деп белгиленген.
29 Жетинин айы 2022, 18:18