https://sputnik.kg/20230504/dujnoluk-banktyn-bashchysy-almashty-1074983054.html
Дүйнөлүк банктын башчысы алмашты
Дүйнөлүк банктын башчысы алмашты
Sputnik Кыргызстан
Банктын мурунку жетекчиси Дэвид Малпас иш ордун мөөнөтүнөн бир жыл мурун бошотуп берди. 04.05.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-05-04T11:01+0600
2023-05-04T11:01+0600
2023-05-04T11:02+0600
дүйнөдө
дүйнөлүк банк
президент
талапкер
шайлоо
компания
https://sputnik.kg/img/07e7/05/04/1074980912_0:83:3077:1813_1920x0_80_0_0_f1458ed8b042304cf3ed0c4a25dd6a78.jpg
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Дүйнөлүк банктын президенти болуп 63 жаштагы хинди тектүү америкалык Аджай Банга шайланды.Аталган кызматка Банганын талапкерлигин АКШ президенти Жо Байден көрсөткөн. Ал 10 жылдан ашуун Mastercard Inc. трансулуттук финансы корпорациясынын эл аралык төлөм системасын тескеп, 2021-жылы жумуштан кеткен. The Wall Street Journal Банганын жетекчилиги алдында компания болуп көрбөгөндөй ийгиликке жетишкенин жазды. Mastercard корпорациясынан кийин ал General Atlantic инвестициялык компаниясынын вице-президенти болгон.Аджай Банга климаттын өзгөрүшү жана финансылык жеткиликтүүлүк көйгөйүн чечүү үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү уюштурууда жана жөнгө салууда зор тажрыйбага ээ экени айтылат.Дүйнөлүк банкка адатта талапкерлигин АКШ президенти сунуштаган америкалык жаран дайындалат. Банктын мурунку жетекчиси Дэвид Малпас иш ордун мөөнөтүнөн бир жыл мурун бошотуп берди. Кызматтан кеткен себеби айтылган жок.Аджай Банга Дүйнөлүк банктын президенти болуп беш жылдык мөөнөткө шайланды.
https://sputnik.kg/20230415/akylbek-zhaparov-duynoluk-bank-sunush-1074475242.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/05/04/1074980912_139:0:2868:2047_1920x0_80_0_0_439af187c27a0f9d64c61a8118f88dd7.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, дүйнөлүк банк, президент, талапкер, шайлоо, компания
дүйнөдө, дүйнөлүк банк, президент, талапкер, шайлоо, компания
Дүйнөлүк банктын башчысы алмашты
11:01 04.05.2023 (Жаңыртылды: 11:02 04.05.2023) Банктын мурунку жетекчиси Дэвид Малпас иш ордун мөөнөтүнөн бир жыл мурун бошотуп берди.
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Дүйнөлүк банктын президенти болуп 63 жаштагы хинди тектүү америкалык Аджай Банга шайланды.
Аталган кызматка Банганын талапкерлигин АКШ президенти Жо Байден көрсөткөн. Ал 10 жылдан ашуун Mastercard Inc. трансулуттук финансы корпорациясынын эл аралык төлөм системасын тескеп, 2021-жылы жумуштан кеткен. The Wall Street Journal Банганын жетекчилиги алдында компания болуп көрбөгөндөй ийгиликке жетишкенин жазды. Mastercard корпорациясынан кийин ал General Atlantic инвестициялык компаниясынын вице-президенти болгон.
Аджай Банга климаттын өзгөрүшү жана финансылык жеткиликтүүлүк көйгөйүн чечүү үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү уюштурууда жана жөнгө салууда зор тажрыйбага ээ экени айтылат.
Дүйнөлүк банкка адатта талапкерлигин АКШ президенти сунуштаган америкалык жаран дайындалат. Банктын мурунку жетекчиси Дэвид Малпас иш ордун мөөнөтүнөн бир жыл мурун бошотуп берди. Кызматтан кеткен себеби айтылган жок.
Аджай Банга Дүйнөлүк банктын президенти болуп беш жылдык мөөнөткө шайланды.