https://sputnik.kg/20230516/zapad-otnoshenie-centralnaya-aziya-prenebrezhenie-1075344920.html
РФ ТИМи: Батыш Борбор Азия өлкөлөрүнө өйдөсүнүп мамиле кылат
РФ ТИМи: Батыш Борбор Азия өлкөлөрүнө өйдөсүнүп мамиле кылат
Sputnik Кыргызстан
Россияга каршы экономикалык, маалыматтык, укуктук жана аскердик агрессия башталды. Батыштын мындай кооптуу кадамы Борбор Азия аймагына да жасалышы мүмкүндүгү... 16.05.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-05-16T11:53+0600
2023-05-16T11:53+0600
2023-05-16T11:53+0600
дүйнөдө
россия
томск
борбор азия
батыш
саясат
https://sputnik.kg/img/07e7/05/10/1075342134_0:244:2855:1849_1920x0_80_0_0_e1f48ff60ef6a859e08e30ee1f366873.jpg
БИШКЕК, 16-май— Sputnik. Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин Батыштын Борбор Азияны алакчылаган мамилеси боюнча мисалдарды келтирди.Ал Томск шаарында өтүп жаткан "Россия жана Борбордук Азия: өзгөрүп жаткан дүйнө менен өз ара ымалада болуу" деп аталган III борбор азиялык конференциянын отурумуна катышкан.Галузиндин айтымына караганда, Россиянын тышкы саясий концепциясы коопсуздук, стабилдүүлүк жаатында так, даана аныкталган. Россияны өнүктүрүүдө КМШга мүчө өлкөлөрдүн, анын ичинде Борбордук Азия мамлекеттери менен туруктуу, узак мөөнөттүү, ынтымак-ырашкерликтеги алаканы камсыз кылуу зарыл.Россияга каршы экономикалык, маалыматтык, укуктук жана аскердик агрессия башталды. Ал Батыштын мындай кооптуу кадамы Борбор Азия аймагына да жасалышы мүмкүндүгүн белгилеген."Батыш биздин өнөктөштөргө Украинадагы атайын операцияны дүйнөлүк коомчулуктун көзүнчө сындап, антироссиялык санкцияларды колдоп-коштосо кошумча инвестицияларды, аскердик жана материалдык жардамдарды берүүгө убада кылууда. Америкалык жана европалык эмиссарлар байма-бай каттап жатышат. Батыш өлкөлөрүнөн импорттун көбөйүшү жана сатылып алынган товарлардын тагдыры тууралуу түшүндүрмө берүүнү уялбай-этпей эле талап кылган инспекцияларды жасашууда. Мунун баары өзүнүн улуттук кызыкчылыгына багытталган саясатын жүргүзүп жаткан эгемен жана көз карандысыз мамлекеттерге үстүртөдөн карап, жактыра бербей жасалган мамиле", — деп белгиледи Галузин.
https://sputnik.kg/20230510/borbor-aziya-batysh-menen-bolboyt-1075209379.html
томск
борбор азия
батыш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/05/10/1075342134_0:0:2613:1960_1920x0_80_0_0_1a3bd48db7d50a2d0b4919fca45531cd.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, томск, борбор азия, батыш, саясат
дүйнөдө, россия, томск, борбор азия, батыш, саясат
РФ ТИМи: Батыш Борбор Азия өлкөлөрүнө өйдөсүнүп мамиле кылат
Россияга каршы экономикалык, маалыматтык, укуктук жана аскердик агрессия башталды. Батыштын мындай кооптуу кадамы Борбор Азия аймагына да жасалышы мүмкүндүгү айтылды.
БИШКЕК, 16-май— Sputnik. Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин Батыштын Борбор Азияны алакчылаган мамилеси боюнча мисалдарды келтирди.
Ал Томск шаарында өтүп жаткан "Россия жана Борбордук Азия: өзгөрүп жаткан дүйнө менен өз ара ымалада болуу" деп аталган III борбор азиялык конференциянын отурумуна катышкан.
Галузиндин айтымына караганда, Россиянын тышкы саясий концепциясы коопсуздук, стабилдүүлүк жаатында так, даана аныкталган. Россияны өнүктүрүүдө КМШга мүчө өлкөлөрдүн, анын ичинде Борбордук Азия мамлекеттери менен туруктуу, узак мөөнөттүү, ынтымак-ырашкерликтеги алаканы камсыз кылуу зарыл.
"Бүгүн бул милдетти жөнөкөй эмес геосаясий шарттарда аткарууга туура келип жатат. Англосаксондук гегемония элдердин чыныгы суверендүүлүгүнө, көп тармактуу цивилизациясына негизделген көп полярдуу тартип менен алмашып жатат. Бул эми артка кайтпай турган жана мыйзам ченемдүү процесс. Анткен менен азырынча тең салмактуулук табыла элек. Америка Кошмо Штаттары жана анын камчысын чапкандар ыңгайлуу ыкмаларга ыктап, анын ичинде маммлекеттик террорчулуктун ыкмаларынан да баш тартпай, жылмышып бара жаткан жол көрсөтүүчүлүктү кармап калууга аракеттенүүдө", — деген Галузин.
Россияга каршы экономикалык, маалыматтык, укуктук жана аскердик агрессия башталды. Ал Батыштын мындай кооптуу кадамы Борбор Азия аймагына да жасалышы мүмкүндүгүн белгилеген.
"Батыш биздин өнөктөштөргө Украинадагы атайын операцияны дүйнөлүк коомчулуктун көзүнчө сындап, антироссиялык санкцияларды колдоп-коштосо кошумча инвестицияларды, аскердик жана материалдык жардамдарды берүүгө убада кылууда. Америкалык жана европалык эмиссарлар байма-бай каттап жатышат. Батыш өлкөлөрүнөн импорттун көбөйүшү жана сатылып алынган товарлардын тагдыры тууралуу түшүндүрмө берүүнү уялбай-этпей эле талап кылган инспекцияларды жасашууда. Мунун баары өзүнүн улуттук кызыкчылыгына багытталган саясатын жүргүзүп жаткан эгемен жана көз карандысыз мамлекеттерге үстүртөдөн карап, жактыра бербей жасалган мамиле", — деп белгиледи Галузин.