Көмүр, бал, ГЭС. Кыргыз-кытай форумунда 1 млрд. долларлык келишимге кол коюлду
18:20 19.08.2023 (Жаңыртылды: 18:25 19.08.2023)
© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш ЖусубалиевҮрүмчүдө өткөн Кыргыз-кытай бизнес-форумунда келишимге кол коюу аземи
![Үрүмчүдө өткөн Кыргыз-кытай бизнес-форумунда келишимге кол коюу аземи Үрүмчүдө өткөн Кыргыз-кытай бизнес-форумунда келишимге кол коюу аземи - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.08.2023](https://sputnik.kg/img/07e7/08/13/1077943754_0:159:3077:1890_1920x0_80_0_0_2a94eeadbbc55023396585e611a9c2e4.jpg)
© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш Жусубалиев
Жазылуу
Биргелешип көмүр казуу жана автобус чогултуучу завод куруу макулдашылды.
БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Үрүмчүдө өткөн Кыргыз-кытай бизнес-форумунда 1 миллиард доллардан ашык келишимге кол коюлду. Бул туурасында министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш Жусубалиев
Үрүмчүдө өткөн Кыргыз-кытай бизнес-форумунда 1 миллиард доллардан ашык келишимге кол коюлду.
![Үрүмчүдө өткөн Кыргыз-кытай бизнес-форумунда 1 миллиард доллардан ашык келишимге кол коюлду. Үрүмчүдө өткөн Кыргыз-кытай бизнес-форумунда 1 миллиард доллардан ашык келишимге кол коюлду. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e7/08/13/1077943798_3:0:3075:2048_600x0_80_0_0_a473cd7f66fafee26683b1459e814030.jpg)
1/3
© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш Жусубалиев
Үрүмчүдө өткөн Кыргыз-кытай бизнес-форумунда 1 миллиард доллардан ашык келишимге кол коюлду.
© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш Жусубалиев
Жалпысынан 29 документке кол коюлган.
![Жалпысынан 29 документке кол коюлган. Жалпысынан 29 документке кол коюлган. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e7/08/13/1077943732_2:0:3074:2048_600x0_80_0_0_ccc8dbfa3244235da17b59fbea4e8eb7.jpg)
2/3
© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш Жусубалиев
Жалпысынан 29 документке кол коюлган.
© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш Жусубалиев
Кол коюлган документтердин тизмеси толугу менен өкмөттүн сайтына жарыяланды.
![Кол коюлган документтердин тизмеси толугу менен өкмөттүн сайтына жарыяланды. Кол коюлган документтердин тизмеси толугу менен өкмөттүн сайтына жарыяланды. - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e7/08/13/1077943776_3:0:3075:2048_600x0_80_0_0_9c140e24a96d8f22301940258361eafa.jpg)
3/3
© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш Жусубалиев
Кол коюлган документтердин тизмеси толугу менен өкмөттүн сайтына жарыяланды.
1/3
© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш Жусубалиев
Үрүмчүдө өткөн Кыргыз-кытай бизнес-форумунда 1 миллиард доллардан ашык келишимге кол коюлду.
2/3
© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш Жусубалиев
Жалпысынан 29 документке кол коюлган.
3/3
© Фото / пресс-служба кабинета министров КР / Эргеш Жусубалиев
Кол коюлган документтердин тизмеси толугу менен өкмөттүн сайтына жарыяланды.
Жалпысынан 29 документке кол коюлган. Анын ичинде төмөнкүлөр бар:
"Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасы бир нече кытайлык компания менен Ак-Улак, Беш-Бурхан, Тегене, Торугарт, Торугарт-1, Кара-Кабак Балыкты, Сүлүктү талаа-11 көмүр кендерин биргелешип казуу жөнүндө 7 келишимге кол койду;
"Торугарт" жана "Эркеч-Там" өткөрүү пунктуларынын жанына ленталык конвейери менен көмүр логистикалык борборун куруу жөнүндө эки макулдашуу;
Экономика министрлиги жана Кытайдын Gree Altairnano New Energy Co. Ltd. компаниясынын ортосуна энергиянын кайра жаралуу булактары менен жүрө турган автобустарды чогултуу заводун куруу боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу меморандуму;
Энергетика тармагындагы бир катар документтер, тагыраагы, күн электр станциялары долбоорун ишке ашыруу, Сары-Жаз ГЭСтер каскадын куруу тууралуу макулдашуу;
Кыргызстандан бал, эт жана балык экспорттоо боюнча келишим.
Кол коюлган документтердин тизмеси толугу менен өкмөттүн сайтына жарыяланды.