https://sputnik.kg/20231122/755-zholu-zhol-ehrezhesin-buzgan-ajdoochu-1080670219.html
Чүйдө 1,5 жылда 755 ирет жол эрежесин бузган айдоочу кармалды
Чүйдө 1,5 жылда 755 ирет жол эрежесин бузган айдоочу кармалды
Sputnik Кыргызстан
ЖКККББ жол эрежесин көп бузган автоунаанын сүрөтүн жарыялады. Андан машинага Россия номери тагылганын көрүүгө болот. 22.11.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-11-22T15:32+0600
2023-11-22T15:32+0600
2023-11-22T15:32+0600
кыргызстан
чүй облусу
автоунаа
айып пул
эреже
https://sputnik.kg/img/104726/09/1047260971_0:808:2132:2007_1920x0_80_0_0_0938c64ee6c915ae8906d32ec2696965.jpg
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Чүйдө бир жарым жыл ичинде 755 ирет жол эрежесин бузган айдоочу кармалганын Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын маалымат кызматы кабарлады.Билдирмеге караганда, айдоочу Chevrolet Lacetti үлгүсүндөгү автоунаасы менен 2022-жылдын 30-майынан 2023-жылдын 20-ноябрына чейин 755 жолу жол эрежесин бузуп, "Коопсуз шаардын" камерасына түшкөн.Айып пулдардын жалпы суммасы көрсөтүлгөн эмес. ЖКККББ жол эрежесин көп бузган автоунаанын сүрөтүн жарыялады. Андан машинага Россия номери тагылып турганын көрүүгө болот.ЖКККББ айдоочулардан жол эрежесин бузгандыгы үчүн чыккан айып пулдарды убагында төлөөнү эскертти.
https://sputnik.kg/20231010/avtobus-zhol-ehrezhesi-kamera-1079265428.html
чүй облусу
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104726/09/1047260971_98:684:1916:2047_1920x0_80_0_0_472d0db003bfb8d72c58ddba6ad5c972.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, чүй облусу, автоунаа, айып пул, эреже
кыргызстан, чүй облусу, автоунаа, айып пул, эреже
Чүйдө 1,5 жылда 755 ирет жол эрежесин бузган айдоочу кармалды
ЖКККББ жол эрежесин көп бузган автоунаанын сүрөтүн жарыялады. Андан машинага Россия номери тагылганын көрүүгө болот.
БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Чүйдө бир жарым жыл ичинде 755 ирет жол эрежесин бузган айдоочу кармалганын Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, айдоочу Chevrolet Lacetti үлгүсүндөгү автоунаасы менен 2022-жылдын 30-майынан 2023-жылдын 20-ноябрына чейин 755 жолу жол эрежесин бузуп, "Коопсуз шаардын" камерасына түшкөн.
"Ал айып пулдарын өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн Бишкек — Кордай жолунан кармалып, машинасы Аламүдүн районундагы айып короого токтотулган", — деп жазылат маалыматта.
Айып пулдардын жалпы суммасы көрсөтүлгөн эмес. ЖКККББ жол эрежесин көп бузган автоунаанын сүрөтүн жарыялады. Андан машинага Россия номери тагылып турганын көрүүгө болот.
ЖКККББ айдоочулардан жол эрежесин бузгандыгы үчүн чыккан айып пулдарды убагында төлөөнү эскертти.
10 Тогуздун айы 2023, 08:57