https://sputnik.kg/20231201/mektep-bomba-zhalgan-maalymat-taratkandar-1080897126.html
Бишкекте №33 мектепке бомба коюлду деп алдаган 9-класстын үч окуучусу кармалды
Бишкекте №33 мектепке бомба коюлду деп алдаган 9-класстын үч окуучусу кармалды
Sputnik Кыргызстан
Алар окуу процессин үзгүлтүккө учуратуу максатында фейк аккаунттарды колдонуп, мектептин электрондук дарегине бомба тууралуу жалган билдирүүлөрдү жөнөтүшкөн. 01.12.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-12-01T10:49+0600
2023-12-01T10:49+0600
2023-12-01T10:50+0600
кыргызстан
бишкек
укмк
окуучулар
жалган маалымат
бомба
https://sputnik.kg/img/102308/49/1023084991_0:0:4759:2677_1920x0_80_0_0_51a3b18953d2776ee791b0707275c97b.jpg
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Бишкекте №33 мектепке бомба коюлду деп жалган маалымат таратууга шектелген үч окуучу кармалганын УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.Эске салсак, буга чейин №33 мектепке бомба коюлганы тууралуу эки ирет маалымат түшүп, окуучулар эвакуацияланган. Окуучулар ата-энелеринин көзүнчө жасаган кылмыштарын моюнга алышканы айтылды. Учурда алардын башка ушул сыяктуу иштерге катыштыгы бар-жогу такталууда. УКМК жардыруу коркунучу тууралуу билдирүү тараткандар жоопкерчиликке тартылып, беш жылга чейин эркинен ажырап калышы ыктымал экенин эскертти.
https://sputnik.kg/20231115/bomba-tuuraluu-zhalgan-telefon-okuuchu-1080441536.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/102308/49/1023084991_412:0:4648:3177_1920x0_80_0_0_765d838779703efd45a3479ae09753da.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек, укмк, окуучулар, жалган маалымат, бомба
кыргызстан, бишкек, укмк, окуучулар, жалган маалымат, бомба
Бишкекте №33 мектепке бомба коюлду деп алдаган 9-класстын үч окуучусу кармалды
10:49 01.12.2023 (Жаңыртылды: 10:50 01.12.2023) Алар окуу процессин үзгүлтүккө учуратуу максатында фейк аккаунттарды колдонуп, мектептин электрондук дарегине бомба тууралуу жалган билдирүүлөрдү жөнөтүшкөн.
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Бишкекте №33 мектепке бомба коюлду деп жалган маалымат таратууга шектелген үч окуучу кармалганын УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, буга чейин №33 мектепке бомба коюлганы тууралуу эки ирет маалымат түшүп,
окуучулар эвакуацияланган.
"Ушул эле мектептин 9-классынын окуучулары: 14 жаштагы Р.И.Д., 15 жаштагы К.А.А. жана 14 жаштагы Э.Э.В. бейбаштык кылып аталган окуу жайдын электрондук дарегине жалган билдирүүлөрдү жөнөтүшкөндүгү аныкталды. Алар окуу процессин үзгүлтүккө учуратуу максатында фейк аккаунттарды колдонуп, мектептин электрондук дарегине бомба тууралуу жалган билдирүүлөрдү жөнөтүшкөн", — деп жазылат маалыматта.
Окуучулар ата-энелеринин көзүнчө жасаган кылмыштарын моюнга алышканы айтылды. Учурда алардын башка ушул сыяктуу иштерге катыштыгы бар-жогу такталууда. УКМК жардыруу коркунучу тууралуу билдирүү тараткандар жоопкерчиликке тартылып, беш жылга чейин эркинен ажырап калышы ыктымал экенин эскертти.
15 Жетинин айы 2023, 12:09