https://sputnik.kg/20250330/1092989089.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Бабаларыбыздан мурастап калган асыл сапаттарыбызды барктай да, баалай да билели. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаровдун Орозо айтка карата куттуктоосунда... 30.03.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-03-30T11:00+0600
2025-03-30T11:00+0600
2025-03-30T11:10+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/03/1e/1092988957_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_c646399cb803734c8a3dc8ff26f41fdd.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Бабаларыбыздан мурастап калган асыл сапаттарыбызды барктай да, баалай да билели. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаровдун Орозо айтка карата куттуктоосунда айтылат.Быйыл өлкө башчы Айт намазды Бишкектеги Имам Сарахси атындагы мечитте окуган.Анда кыргыз эли абалтадан меймандостугу, боорукерлиги, кайрымдуулугу, калыстыгы жана ынтымагы менен даңазаланып келгени, бул баалуулуктар бүгүн да сакталып, өлкөдө ар кандай этностун өкүлдөрү тынчтыкта, биримдикте жашап жатканы белгиленген.“Быйылкы Орозо айында ата-бабадан калган нарк-насилибизге ылайык, кайрымдуулуктун, боорукерликтин күчү айрыкча сезилди. Кары дебей, жаш дебей — баары тегиз чанда кездешүүчү дартка чалдыккан наристелердин дартына даба боло турган кымбат баалуу дарыга муктаждарга кол сунуп, элибиздин ынтымагын дүйнө жүзүнө дагы бир ирет жар салды. Бабаларыбыздан мурастап калган мындай асыл сапаттарыбызды барктай да, баалай да билели. Анткени коомдун тынчтыгы жана биримдиги өлкөбүздүн өсүп-өнүгүшүнүн негизи болуп саналат”, — деди өлкө башчы.Ошондой эле ал салттуу исламды таанып-билүү менен Жусуп Баласагын, Махмуд Кашкари-Барскани, Улукбек бабалардын жолун улап, илим-билим менен адеп-ахлакты бирдей алып кетүү зарылдыгын белгилеген.
Кыргызстандык Эрназар Акматалиев эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медаль тагынды.Эркин күрөш боюнча балбандар 70 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты. Финалдык беттеште кыргызстандык спортчу тажикстандык атаандашы Виктор Рассадинди жеңди.Беттештин жыйынтыгында эсеп 4:4 болду, бирок акыркы аракетти Эрназар жасагандыктан, жеңиш ага ыйгарылды.Ушул күндөрү Амманда күрөш боюнча Азия чемпионаты өтүүдө.
"Учкун" ачык акционердик коомунун маалымат катчысы Азамат Кыязов "Учкун" концерни модернизацияланып, техникалык базасы толук жакшыртылганын айтты."Учкун" мамлекеттик басмаканасы 2024-жылы 1,7 миллиард сом киреше тапты. Анын 771,9 миң сому таза пайда болуп, пландык көрсөткүчтөрдөн ашты.Анын айтымында, өткөн жылы мекеме мамлекеттин бюджетине 278,2 миллион сом салык төлөдү."Учкун" ачык акционердик коому акыркы үч жылда техникалык базасын чыңдап, инфратүзүмдү жакшыртуу боюнча иштерди жасады. 2023-жылы китеп басуу үчүн атайын жабдуу сатып алууга президенттин фондунан 176 миллион сом бөлүнгөн," — деди Кыязов.Ал ошондой эле басмаканада жумушчу орундарынын саны 166дан 313кө көтөрүлүп, ишкананын өндүрүштүк көлөмү жогорулаганын кошумчалады.
Бразилиянын президенти Лула да Силва Владимир Зеленскийдин сунушу менен келген Италиянын экс-премьери Массимо д’Алеманы кууп жибере жаздаган. Бул тууралуу РИА Новости жазды.Зеленский д’Алемадан Бразилиянын президенти Лула да Силва менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинге барып, Украина кыйроо коркунучунда тургандыктан алар “бир нерсе кыла алар-албасын” билип беришин суранган. Кытайга болгон сапар да оң натыйжа берген эмес. Массимо д'Алема 1998-2000-жылдары Италиянын премьер-министри, андан кийин 2006-2008-жылдары вице-премьер жана тышкы иштер министри болуп иштеген.
Бабаларыбыздан мурастап калган асыл сапаттарыбызды барктай да, баалай да билели. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаровдун Орозо айтка карата куттуктоосунда айтылат.Быйыл өлкө башчы Айт намазды Бишкектеги Имам Сарахси атындагы мечитте окуган.Анда кыргыз эли абалтадан меймандостугу, боорукерлиги, кайрымдуулугу, калыстыгы жана ынтымагы менен даңазаланып келгени, бул баалуулуктар бүгүн да сакталып, өлкөдө ар кандай этностун өкүлдөрү тынчтыкта, биримдикте жашап жатканы белгиленген.“Быйылкы Орозо айында ата-бабадан калган нарк-насилибизге ылайык, кайрымдуулуктун, боорукерликтин күчү айрыкча сезилди. Кары дебей, жаш дебей — баары тегиз чанда кездешүүчү дартка чалдыккан наристелердин дартына даба боло турган кымбат баалуу дарыга муктаждарга кол сунуп, элибиздин ынтымагын дүйнө жүзүнө дагы бир ирет жар салды. Бабаларыбыздан мурастап калган мындай асыл сапаттарыбызды барктай да, баалай да билели. Анткени коомдун тынчтыгы жана биримдиги өлкөбүздүн өсүп-өнүгүшүнүн негизи болуп саналат”, — деди өлкө башчы.Ошондой эле ал салттуу исламды таанып-билүү менен Жусуп Баласагын, Махмуд Кашкари-Барскани, Улукбек бабалардын жолун улап, илим-билим менен адеп-ахлакты бирдей алып кетүү зарылдыгын белгилеген.Кыргызстандык Эрназар Акматалиев эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медаль тагынды.Эркин күрөш боюнча балбандар 70 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты. Финалдык беттеште кыргызстандык спортчу тажикстандык атаандашы Виктор Рассадинди жеңди.Беттештин жыйынтыгында эсеп 4:4 болду, бирок акыркы аракетти Эрназар жасагандыктан, жеңиш ага ыйгарылды.Ушул күндөрү Амманда күрөш боюнча Азия чемпионаты өтүүдө."Учкун" ачык акционердик коомунун маалымат катчысы Азамат Кыязов "Учкун" концерни модернизацияланып, техникалык базасы толук жакшыртылганын айтты."Учкун" мамлекеттик басмаканасы 2024-жылы 1,7 миллиард сом киреше тапты. Анын 771,9 миң сому таза пайда болуп, пландык көрсөткүчтөрдөн ашты.Анын айтымында, өткөн жылы мекеме мамлекеттин бюджетине 278,2 миллион сом салык төлөдү."Учкун" ачык акционердик коому акыркы үч жылда техникалык базасын чыңдап, инфратүзүмдү жакшыртуу боюнча иштерди жасады. 2023-жылы китеп басуу үчүн атайын жабдуу сатып алууга президенттин фондунан 176 миллион сом бөлүнгөн," — деди Кыязов.Ал ошондой эле басмаканада жумушчу орундарынын саны 166дан 313кө көтөрүлүп, ишкананын өндүрүштүк көлөмү жогорулаганын кошумчалады.Бразилиянын президенти Лула да Силва Владимир Зеленскийдин сунушу менен келген Италиянын экс-премьери Массимо д’Алеманы кууп жибере жаздаган. Бул тууралуу РИА Новости жазды.Зеленский д’Алемадан Бразилиянын президенти Лула да Силва менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинге барып, Украина кыйроо коркунучунда тургандыктан алар “бир нерсе кыла алар-албасын” билип беришин суранган. Кытайга болгон сапар да оң натыйжа берген эмес. Массимо д'Алема 1998-2000-жылдары Италиянын премьер-министри, андан кийин 2006-2008-жылдары вице-премьер жана тышкы иштер министри болуп иштеген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/1e/1092988957_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_61ef98495bb651cda6dd980c1bf8b0c5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио