https://sputnik.kg/20240308/uzur-zhusupbekov-balban-kolo-kurosh-1083274417.html
Түркиядан дагы бир медаль. Үзүр Жузупбеков коло утту
Түркиядан дагы бир медаль. Үзүр Жузупбеков коло утту
Sputnik Кыргызстан
Балбан үчүнчү орун үчүн дүйнөнүн эки жолку чемпиону, түркиялык Метехан Башаров менен беттешкен. 08.03.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-03-08T17:10+0600
2024-03-08T17:10+0600
2024-03-08T17:14+0600
кыргызстан
үзүр жусупбеков
балбан
коло
мелдеш
спорт
күрөш
https://sputnik.kg/img/103796/74/1037967402_0:0:6016:3385_1920x0_80_0_0_db3d86cf935875c6e8f6a25c7d4c88ca.jpg
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Үзүр Жүзүпбеков Түркиядагы эл аралык мелдеште коло байге утканын Дене тарбия жана спорт департаменти маалымдады.Спортчу 97 килограммга чейинкилер арасында күч сынашты. 1/16 финалда өзбекстандык, андан кийин грузиялык балбанды артта калтырган.Yasar Dogu&Vehbe Emre аттуу эл аралык мелдеш Түркиянын Анталья шаарында өтүүдө. Ага Кыргызстандан 33 балбан барары маалымдалган. Кечээ балбан Айпери Медет кызы аталган мелдеште алтын уткан. Турнир 7-мартта башталган, 11-мартта жыйынтыкталат.
https://sputnik.kg/20231231/kurosh-reyting-birinchi-sap-1081673968.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103796/74/1037967402_428:0:5783:4016_1920x0_80_0_0_069a38294fae3a0b474b19d02a1e6d80.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, үзүр жусупбеков, балбан, коло, мелдеш, спорт, күрөш
кыргызстан, үзүр жусупбеков, балбан, коло, мелдеш, спорт, күрөш
Түркиядан дагы бир медаль. Үзүр Жузупбеков коло утту
17:10 08.03.2024 (Жаңыртылды: 17:14 08.03.2024) Балбан үчүнчү орун үчүн дүйнөнүн эки жолку чемпиону, түркиялык Метехан Башаров менен беттешкен.
БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Үзүр Жүзүпбеков Түркиядагы эл аралык мелдеште коло байге утканын Дене тарбия жана спорт департаменти маалымдады.
Спортчу 97 килограммга чейинкилер арасында күч сынашты. 1/16 финалда өзбекстандык, андан кийин грузиялык балбанды артта калтырган.
"Чейрек финалда ирандык балбанга утулуп, бирок коло үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды. Үчүнчү орун үчүн беттеште дүйнөнүн эки жолку чемпиону, түркиялык Метехан Башаровду жеңип коло байгени утту", — дешти департаменттен.
Yasar Dogu&Vehbe Emre аттуу эл аралык мелдеш Түркиянын Анталья шаарында өтүүдө. Ага Кыргызстандан 33 балбан
барары маалымдалган.
Кечээ балбан Айпери Медет кызы аталган
мелдеште алтын уткан.
Турнир 7-мартта башталган, 11-мартта жыйынтыкталат.
31 Бештин айы 2023, 16:50