Сузакта жабыркаган балдар атайын борт менен Бишкекке алып келинет

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүУчак. Архив
Учак. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.05.2024
Жазылуу
Жабыркаган 10 баланын абалы оор экендиги айтылды.
БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Жалал-Абаддын Сузак районунда Porter унаасы коюп кеткен балдар Бишкекке алып келинет. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Абалы оор делген 10 бала туугандары менен чогуу Бишкектеги Шаардык медициналык тез жардам балдар клиникалык ооруканасында жайгаштырыла турганы айтылды.

“Мамлекет башчы балдарды керектүү дары-дармек менен камсыз кылууну жана медицина кызматкерлерине күнү-түнү байкоо жүргүзүүнү тапшырды”, — деп жазылган маалыматта.

Мындан сырткары, Жапаров окуя боюнча бардык жагдайларды тактоо үчүн комиссия түзүүнү тапшырган. Комиссиянын курамына тиешелүү тармактык министрликтердин, президенттин администрациясынын өкүлдөрү кирди. Иштин жыйынтыгы боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынат.
Ошондой эле президенттин атынан жабыркагандарга финансылык жардам көрсөтүлгөнү белгиленди.
УКМК башчысы Камчыбек Ташиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.05.2024
Жүрөгүбүз ооруп турат! Ташиев Сузактагы кырсыктан жабыркаган балдарга барды
Жаңылыктар түрмөгү
0