https://sputnik.kg/20240602/imamidin-tashov-dagy-bir-ajga-kamakta-kaldy-1085710389.html
Имамидин Ташовдун камактагы мөөнөтү узартылды
Имамидин Ташовдун камактагы мөөнөтү узартылды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрдү деп шектелген KG Group компаниясынын башчысы Имамидин Ташовдун камактагы мөөнөтү... 02.06.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-06-02T10:05+0600
2024-06-02T10:05+0600
2024-06-03T09:06+0600
кыргызстан
имамидин ташов
камак
соттук чечим
https://sputnik.kg/img/07e7/0a/1b/1079948205_0:294:960:834_1920x0_80_0_0_26769ce1c34bbb86655aec773100ea9a.jpg
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрдү деп шектелген KG Group компаниясынын башчысы Имамидин Ташовдун камактагы мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Биринчи май райондук соту билдирди.Маалым болгондой, анын баш коргоо чарасын узартуу өтүнүчүн сотко УКМКнын Бишкек шаары боюнча тергөөчүсү берген.41 жаштагы Ташовду былтыр октябрда УКМК кармап, кайра кое берген. Кийин ишкер өздөрүн УКМК кызматкерлерибиз деп тааныштырган адамдар аны күч колдонуп уурдап, сегиз күн кармап, 100 миллион сом талап кылганын айтып видеокайрылуу жасаган. Бирок көп өтпөй УКМК Ташовдун активист менен төңкөрүш жасоо тууралуу сүйлөшкөн видеосун жарыялаган. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин жыйынында Ташов издөөгө алынганын билдирген.Ташов 22-апрелде Алматыдан Кара-Балтага келе жатканда колго түшүрүлүп, соттун чечими менен 22-майга чейин камакка алынган.
https://sputnik.kg/20240601/rajymbek-matraimov-kamakta-kaltyryldy-1085708505.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/0a/1b/1079948205_0:237:960:957_1920x0_80_0_0_9ea457de5860c35159e8993dd51c37a6.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, имамидин ташов, камак, соттук чечим
кыргызстан, имамидин ташов, камак, соттук чечим
Имамидин Ташовдун камактагы мөөнөтү узартылды
10:05 02.06.2024 (Жаңыртылды: 09:06 03.06.2024) БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрдү деп шектелген KG Group компаниясынын башчысы Имамидин Ташовдун камактагы мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Биринчи май райондук соту билдирди.
Маалым болгондой, анын баш коргоо чарасын узартуу өтүнүчүн сотко УКМКнын Бишкек шаары боюнча тергөөчүсү берген.
"Өтүнүч канааттандырылып, Ташовду камакта кармоо мөөнөтү 22-июнга чейин узартылды", — деп жазылат маалыматта.
41 жаштагы Ташовду былтыр октябрда УКМК кармап, кайра кое берген. Кийин ишкер өздөрүн УКМК кызматкерлерибиз деп тааныштырган адамдар аны күч колдонуп уурдап, сегиз күн кармап, 100 миллион сом талап кылганын айтып видеокайрылуу жасаган. Бирок көп өтпөй УКМК Ташовдун активист менен төңкөрүш жасоо тууралуу сүйлөшкөн видеосун жарыялаган. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин жыйынында Ташов издөөгө алынганын билдирген.
Ташов 22-апрелде Алматыдан Кара-Балтага келе жатканда колго түшүрүлүп, соттун чечими менен
22-майга чейин камакка алынган.