https://sputnik.kg/20240601/rajymbek-matraimov-kamakta-kaltyryldy-1085708505.html
Райым Матраимов 26-июнга чейин камакта калтырылды
Райым Матраимов 26-июнга чейин камакта калтырылды
Sputnik Кыргызстан
Сот УКМК тергөөчүсүнүн арызын канааттандырган. 01.06.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-06-01T17:07+0600
2024-06-01T17:07+0600
2024-06-01T17:07+0600
кыргызстан
райымбек матраимов
соттук чечим
бөгөт чара
https://sputnik.kg/img/07e8/03/1b/1083753282_0:38:1600:938_1920x0_80_0_0_ad0d6d9f90db94f9ee4a98574150b910.jpg
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Биринчи май райондук соту мурдагы бажычы Райымбек Матраимовдун бөгөт чарасын карап, 26-июнга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды.Маалым болгондой, сот УКМК тергөөчүсүнүн арызын канааттандырган. Ал июндун аягына чейин камакта калмай болду.Матраимов Кылмыш-жаза кодексинин 169 ("Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу"), 222инчи ("Кылмыштуу жол менен тапкан кирешелерин мыйзамдаштыруу" (адалдоо) беренелери менен күнөөлөнүп жатат.Матраимовго январда издөө жарыяланып, кийин апрелде колго түшүрүлгөн. УКМК Райым Матраимовдун Кыргызстандын жетекчилигине кол салууга даярданып, Азербайжандан келген улуттар аралык уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышы бар экенин билдирген.
https://sputnik.kg/20240405/tashiyev-matraimovdon-ondurulgon-akcha-1083999370.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/03/1b/1083753282_90:0:1511:1066_1920x0_80_0_0_f0b77abe946e2d8fd2b7be90032fab5d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, райымбек матраимов, соттук чечим, бөгөт чара
кыргызстан, райымбек матраимов, соттук чечим, бөгөт чара
Райым Матраимов 26-июнга чейин камакта калтырылды
Сот УКМК тергөөчүсүнүн арызын канааттандырган.
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Биринчи май райондук соту мурдагы бажычы Райымбек Матраимовдун бөгөт чарасын карап, 26-июнга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды.
Маалым болгондой, сот УКМК тергөөчүсүнүн арызын канааттандырган. Ал июндун аягына чейин камакта калмай болду.
Матраимов Кылмыш-жаза кодексинин 169 ("Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу"), 222инчи ("Кылмыштуу жол менен тапкан кирешелерин мыйзамдаштыруу" (адалдоо) беренелери менен күнөөлөнүп жатат.
Матраимовго январда издөө жарыяланып, кийин
апрелде колго түшүрүлгөн. УКМК Райым Матраимовдун Кыргызстандын жетекчилигине кол салууга даярданып, Азербайжандан келген улуттар аралык уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен
байланышы бар экенин билдирген.