00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
06:44
12 мин
Жаңылыктар
07:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
14:05
41 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн иш сапары менен Казакстанга жөнөп кетти. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады. 4-июлда өтө турган жыйында өлкө лидерлери уюмдун форматында көп тараптуу жана көп вектордуу кызматташуунун маанилүү маселелерин, ошондой эле регионалдык жана эл аралык саясатты талкуулашат. Мындан тышкары, Садыр Жапаров Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алкагында Кытайдын лидери Си Цзиньпин жана Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Айыл чарба министрлиги менен биргеликте Кыргызстанда чийки сүттү сатып алуу баасын аныктоонун тарифтик графигин иштеп чыгышты. Бул тууралуу 3-июлда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги мамлекеттик органдардын, райондук мамлекеттик администрациялардын, сүттү кайра иштетүүчү ишканалардын, сүт өндүрүүчүлөрдүн жана фермерлердин катышуусунда өткөн жыйында айтылды. Министрлик баалар сүттүн орточо майлуулугуна карата аныкталганын билдирди. Эгер сүттүн майлуулугу 3,4 пайыз болсо, завод кабыл ала турган баа 35 сомду түзөт. Ал эми сүттү топтоп даярдоочунун маржасы 5 сомду түзөт. Баанын мындай тарифтик графигинин таблицасы сүт кабыл алган ар бир заводго орнотулат.
11-июлда Бишкек шаарында «Ак-Кула ат» майданынын мүлк комплексин сатуу боюнча аукцион өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. Ат майданы буга чейин электрондук аукционго коюлган. Мүлк комплекси 46 лотко бөлүнгөн. 37 лоттук аукцион 11-июлда өткөрүлөт. Муниципалитеттин алдында мүлк комплексинин аймагында мектептерди, бала бакчаларды, инженердик курулуштарды, жолдорду жана жашыл аймактарды куруу үчүн жер тилкелери калтырылды. Аукциондун жыйынтыгында жер участогу менчикке өткөрүп берилет. Аукционго катышуу үчүн электрондук санариптик кол тамга флеш-картасын сатып алып, шилтеме аркылуу катталып, ылайыктуу аукциондук лотту таап, маалыматтарды толтуруп, андан кийин төлөм коду аркылуу катышуу үчүн сумманы төлөө керек.
Кийинки Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу Казакстанда аталган оюндарды талкуулоо учурунда айтылды. Жыйынга маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу, Көк бөрү федерациясынын президенти Курманкул Зулушев, Казакстандын туризм жана спорт министри Ермек Маржикпаев жана башкалар катышты. Быйыл V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сентябрь айында Астанада өтөт. Казак министри Казакстан оюндарды өткөрүүгө даяр экенин, анда күндүн символу бар логотип жана ыйык элемент катары суу колдонуу сыяктуу маанилүү салттык элементтер сакталып калганын айтты.
Жаңылыктар түрмөгү
0