00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
5 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
Борьба с покупкой прав, месяц в пробках и предстоящий отопительный сезон
14:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Көз мончок
Билимдүү аялдарга жеке мамиле куруу кыйынбы?
15:04
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Киноблог
Искусство воплощения: что важно для актёра?
18:06
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Сентябрдын аягында Баткенде мунайды кайра иштетүүчү ири завод ишке берилетВиктор Орбан эми Кытайга барып Си Цзиньпин менен жолуктуБийликти басып алууга чакырган деп Кербен шаардык кеңешинин депутаты кармалдыАлдыда кененирээк
Массалык башаламандык уюштурууга жана бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган делип Кербен шаардык кеңешинин "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын депутаты кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.Маалыматка ылайык, шектүү социалдык тармактар аркылуу чагымчыл материалдарды жарыялап турган. "Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүгү "Массалык башаламандык" менен козголгон кылмыш ишинин алкагында Кербен шаардык кеңешинин "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын депутаты Н.Ж.К. кармалды. Ал социалдык тармактардын активдүү колдонуучусу катары мезгил-мезгили менен тенденциялуу жана чагымчыл материалдарды, анын ичинде массалык башаламандыктарды уюштурууга жана бийликти күч менен басып алууга чакырыктарды жарыялаган", — деп жазылат маалыматта.Депутат УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.
Сентябрдын соңунда Баткенде мунайды кайра иштетүүчү ири завод ишке берилет. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.Маалыматка ылайык, энергетика министри Таалайбек Ибраев Кадамжай районундагы Көк-Талаа айылында суткасына 500 тонна мунайды кайра иштеп чыгуучу заводдун курулушу менен таанышкан."Былтыр март айында Түндүк Сох жана Чонгара Галча мунай кендерин биргелешип иштетүү долбоорун ишке ашыруу үчүн "Кыргызтранснефтегаз" мамлекеттик ишканасы түрк компаниясы менен макулдашкан", — деп жазылган маалыматта. Учурда курулуш иштеринин 90 пайыздан ашыгы аткарылып, заводду сентябрдын этегинде ишке берүү мерчемделип жатканы белгиленген.
Жөнөкөйлөтүлгөн салык режими боюнча отчетторду автоматтык түрдө түзүү үчүн электрондук сервис ишке кирди. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Бул кызмат cabinet.salyk.kg сайтындагы "Салык төлөөчүнүн кабинети" аркылуу жеткиликтүү. "Сервисти колдонуу үчүн салык төлөөчүнүн кабинетиндеги "Е-отчеттор" бөлүмүнөн "Макулдашууну" түзүү керек. Документти түзүүдө отчеттун түрүн, иштин түрүн жана аймактык салык органын көрсөтүү зарыл. Макулдашуу түзүлгөн соң кийинки отчеттук мезгилден баштап отчет автоматтык түрдө айдын 18 жана 19-күндөрүндө түзүлүп, "Электрондук отчеттордун журналы" бөлүмүндө жеткиликтүү болот. Ишкер даяр отчетту текшерип, салык органына жөнөтө алат", — деп жазылган маалыматта.
Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Кытайга барып, төрага Си Цзиньпин менен жолукту. Бул тууралуу Пекиндин Борбордук телевидениесине таянуу менен РИА Новости жазды. Бул — Орбандын "тынчтык миссиясынын" алкагындагы үчүнчү сапары. Өткөн жумада премьер Украинага барып Владимир Зеленский менен жолуккан. Анын тынчтык орнотуу сунушун Киев бийлиги четке какты.Жума күнү Москвага сапар алып, РФ лидери Владимир Путин менен жолукканы маалым. Орбан Россияга болгон визитин өлкөсүнүн кызыкчылыгы жана тынчтык орнотуу далалаты менен түшүндүргөн. Анткен менен визит Батышта терс реакция жаратты. ЕБ дипломатиясынын башчысы Жозеп Боррель менен Еврокеңештин жетекчиси Шарль Мишель атайын билдирүү таратып, Орбан ЕБдин тышкы саясатында өкүл боло албай турганын жана Россияга барууга мандат берилбегенин айтып чыгышты. Ал эми Еврокомиссия премьердин сапары Батыштын Украинага карата биримдигине доо кетирип жатканын билдирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0