БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Кыргызстандык балдар-кыздар мектептер арасындагы "Здравствуй, Россия!" долбооруна катышып келишкенин Бишкектеги "Русский дом" билдирди.Бул окууну Россотрудничество Петр Капица атындагы физика-техникалык лицейдин технопаркы менен кошо уюштурган. Ага 14-18 жаштагылар катышкан.Окуучуларга технопарктын лабораторияларынан алты багыт — биотехнологиядан креативдүү индустрияга чейин билим беришкен. Өздөрүнүн долбоорлорун иштеп чыгып, спорттун түрлөрү боюнча бири-бири менен кармашып, маданий-акыл ой таймашын өткөргөн."Сонун адамдарды жолуктурдум, кооз жерлерди көрдүк. 3D-технология лабораторияларында иштөө да абдан кызыктуу болду", — деген долбоордун дагы бир катышуучусу Сардор Мухамедов.
Окуучуларга технопарктын лабораторияларынан алты багыт боюнча билим беришкен.
БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Кыргызстандык балдар-кыздар мектептер арасындагы "Здравствуй, Россия!" долбооруна катышып келишкенин Бишкектеги "Русский дом" билдирди.
Бул окууну Россотрудничество Петр Капица атындагы физика-техникалык лицейдин технопаркы менен кошо уюштурган. Ага 14-18 жаштагылар катышкан.
"Көп нерсени билип, ар кыл өлкөлөрдөн көп досторду таптым. Абдан кызыктуу болду. Мугалимдер ар бирибизге көңүл бөлүп, майда-чүйдөсүнө чейин түшүндүрүп жатышты. Чет тилдерди, жаңы нерселерди үйрөнүп, өздөштүрүүгө дилгир боло баштадык", — деп таасири менен бөлүштү Светлана Цой.
Окуучуларга технопарктын лабораторияларынан алты багыт — биотехнологиядан креативдүү индустрияга чейин билим беришкен. Өздөрүнүн долбоорлорун иштеп чыгып, спорттун түрлөрү боюнча бири-бири менен кармашып, маданий-акыл ой таймашын өткөргөн.
"Сонун адамдарды жолуктурдум, кооз жерлерди көрдүк. 3D-технология лабораторияларында иштөө да абдан кызыктуу болду", — деген долбоордун дагы бир катышуучусу Сардор Мухамедов.