00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
“Чоочун киши” сериалынын 2-сезону көрүүчүлөрдү эмнеси менен таң калдырат?
15:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Холден Колфилд: герой нашего времени или бунтарь без причины?
18:06
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Борбордо саат 15:00. Жанылыктар менен тааныштырып, микрафондо Арууке Амирдинова. Саламатсыздарбы!Кыргызстан жана Греция диппаспорттордун ээлери үчүн виза режимин жойдуЕАЭБде айыл чарба продукциясынын өндүрүшү өстүӨКМ өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертти. Эми кененирээк. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүшү ыктымал экенин эскертти. Синоптиктер 10-августтан 12-августка чейин нөшөрлүү жаан-чачын болорун болжошкон. Буга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел кооптулугу сакталары айтылды. "Бийик тоолордо жүрүш жасоону жана саякаттоону, капчыгайларда, дарыя жээктеринде эс алууну башка күндөргө жылдырууну өтүнөбүз. Өзүңүзгө жана жакындарыңыздын коопсуздугуна кам көрүңүз!" — деп айтылат билдирүүдө. ӨКМ кандайдыр бир өзгөчө кырдаалдын күбөсү болгондордон 112 кызматына билдирүүнү өтүндү. Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.
Кыргызстан жана Греция дипломатиялык пАспорттордун ээлери үчүн виза режимин жокко чыгарды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. 2023-жылдын 21-сентябрында Нью-Йорк шаарында кол коюлган Кыргызстандын министрлер кабинети менен Греция өкмөтүнүн ортосундагы дипломаттык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашуу бугун, 8-августта күчүнө кирди. Макулдашууга ылайык, Кыргызстан жана Греция дипломаттык паспортторунун ээлери 180 күндүн ичинде 90 күндөн ашпаган мөөнөткө эки өлкөнүн аймактарына кирүүдө, чыгууда жана убактылуу болуу учурунда визалык талаптардан бошотулат.
Учурда “Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо-2" долбоору ишке ашырылууда. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин атмосфералык аба боюнча бөлүмүнүн башчысы Нурсултан Ташыбек уулу билдирди.Анын айтымында, долбоор Бишкек жана Чүй облусунда абанын сапатын жакшыртуу, жылытуу мезгилинде шаардагы түтүн-ыш каптоонун деңгээлин азайтууга багытталган. Абанын сапатын жакшыртуу боюнча мекемелер аралык комиссия түзүлүп, өткөн жылдан бери алгылыктуу иштер аткарылууда. Газдаштыруу маселесин жеңилдетүү максатында “Газпром Кыргызстан” ишканасы “Айыл банк” жана “Элдик банк” мамлекеттик банктары менен биргеликте калкка жеңилдетилген насыяларды берүүдө.Үйүн газга туташтырууну каалаган Бишкек жана Чүйдөгү жарандарыбыз өкмөттүн газдаштыруу боюнча “Жеңилдетилген каржылоо 2 ” программасынын алкагында 8 пайыз менен күрөөсүз жана кепилдиксиз 2 жылга чейинки мөөнөттө 150 миң сомго чейин насыя ала алат. Акыркы 1 жылда газдаштырууга “Айыл банк” тарабынан 80 насыя берилсе, “Элдик банк” 50 насыя берген.
2024-жылдын алты айына карата Евразиялык экономикалык биримдикте айыл чарба продукцияларынын өндүрүшү 2 пайызга өстү. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын статистикасында айтылган. Маалыматтар былтыркы жылдагы көрсөткүчтөргө салыштырылган. Өсүш уюмга мүчө болгон бардык өлкөлөрдө болгон Беларусь — 10,2 пайыз; Армения — 4,3; Казакстан — 3,4; Кыргызстан — 3,3; Россия — 0,9 пайыз жогорулаганы байкалган. Кыргызстанда жумуртканын өндүрүшү 8,4 пайызга, сүттүкү 2,7 пайыз жана союшка жараган малдын башы 1,5 пайызга өскөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0