https://sputnik.kg/20240918/sotsfond-pensiya-toptomo-ipoteka-1088778614.html
Соцфонд пенсиянын топтомо бөлүгүн кандай учурда алууга болорун түшүндүрдү
Соцфонд пенсиянын топтомо бөлүгүн кандай учурда алууга болорун түшүндүрдү
Sputnik Кыргызстан
Пенсиянын топтомо бөлүгүн 50 миң сомдон ашкан учурда гана алууга болот. 18.09.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-09-18T09:21+0600
2024-09-18T09:21+0600
2024-09-18T09:21+0600
социалдык фонд
пенсия
ипотека
https://sputnik.kg/img/103691/44/1036914495_0:0:5200:2925_1920x0_80_0_0_47ed3280ec4d97383c363b051d5a6e1a.jpg
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Социалдык фонд кыргызстандыктарга пенсиянын топтомо бөлүгүн алуунун жолдорун түшүндүрүп берди.Маалыматка ылайык, элдин жашоо шартын жакшыртуу жана социалдык бакубаттуулугун камсыз кылуу максатында пенсиялык топтоолорду төмөнкү учурларда алса болот:Мамлекеттик ипотекалык компаниядан үй алган, ошондой эле үлүштүк турак жай курууга катышкандар пенсиялык топтомону каражаттын баштапкы төлөмү катары же ипотекалык кредитти төлөөгө алса болот;Социалдык фонд топтомо пенсиянын көлөмү 50 миң сомдон ашкан учурда гана жогоруда айтылган максаттарга коротууга болорун эскертет. Документтерди даярдоо үчүн жашаган жери боюнча Соцфонддун бөлүмүнө кайрылуу зарыл. Кошумча суроолор боюнча 1202 номерине байланышууга болот.
https://sputnik.kg/20240914/-pensiya-medkyzmat-arzan-1088683908.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103691/44/1036914495_286:0:4914:3471_1920x0_80_0_0_09fc085397b0b0e04116a7856d721383.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
социалдык фонд, пенсия, ипотека
социалдык фонд, пенсия, ипотека
Соцфонд пенсиянын топтомо бөлүгүн кандай учурда алууга болорун түшүндүрдү
Пенсиянын топтомо бөлүгүн 50 миң сомдон ашкан учурда гана алууга болот.
БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Социалдык фонд кыргызстандыктарга пенсиянын топтомо бөлүгүн алуунун жолдорун түшүндүрүп берди.
Маалыматка ылайык, элдин жашоо шартын жакшыртуу жана социалдык бакубаттуулугун камсыз кылуу максатында пенсиялык топтоолорду төмөнкү учурларда алса болот:
жеке камсыздандыруу эсебинде пенсиялык топтомосу бар пенсионерлер;
чет өлкөгө туруктуу жашоого бараткан же көчүп кете турган кыргызстандыктар;
пенсиялык топтомосу бар адамдардын мураскорлору;
пенсиялык топтомосу бар, 63 жашка чыккан аскер кызматкерлери. Белгилей кетчү нерсе, аскер кызматкерлери кызмат өтөп жаткан мезгилде Социалдык фондго акча чегербейт. Андыктан аскер кызматын өтөөдөн мурда же андан кийин жарандык чөйрөдө иштеген жана Соцфондго тийиштүү чегерүүлөрдү төлөгөн жарандар гана ала алат;
Мамлекеттик ипотекалык компаниядан үй алган, ошондой эле үлүштүк турак жай курууга катышкандар пенсиялык топтомону каражаттын баштапкы төлөмү катары же ипотекалык кредитти төлөөгө алса болот;
расмий жумушсуз жүргөн адамдар;
оор илдетке кабылган учурда же үй-бүлө мүчөлөрү катуу ооруп калган маалда.
Социалдык фонд топтомо пенсиянын көлөмү 50 миң сомдон ашкан учурда гана жогоруда айтылган максаттарга коротууга болорун эскертет. Документтерди даярдоо үчүн жашаган жери боюнча Соцфонддун бөлүмүнө кайрылуу зарыл. Кошумча суроолор боюнча 1202 номерине байланышууга болот.